Кыргыз укук коргоочулары Казакстанды Жаңы-Өзөн окуясы боюнча изилдөө жүргүзүүгө чакырды

Кыргызстандын Укук коргоочулар кеңеши Казакстандын бийлигин Жаңы-Өзөн шаарындагы окуя боюнча толук изилдөө жүргүзүүгө чакырдырасмий маалыматтар боюнча, анда бир жыл мурун айлык акыларынын өлчөмүнө нааразы болгон 16 мунай жумушчусу атылып өлтүрүлгөн.

Кыргызстандын укук коргоочулары Жаңы-Өзөн окуясынын ар тараптуу изилдениши үчүн Казакстандын бийлигин көз карандысыз комиссия түзүүгө чакырууда, деп жазылган «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыяланган Кеңештин кайрылуусунда.

Кыргыз укук коргоочуларынын пикиринде, Жаңы-Өзөн трагедиясына дагы деле укуктук баа бериле элек.

«Коңшу Казакстандагы окуяга тийиштүү укуктук баа берилбей, башаламандыктын себебин, ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан күч колдонуунун ченемин аныктоо үчүн көз карандысыз иликтөө иштери жүргүзүгөн жок», — деп жазылган кайрылууда.

Жаңы-Өзөн окуяларынын бир жылдыгына карата бишкектиктер Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин имаратына гүлдөр менен шамдарды алып келишти.

«Бишкек – теория жана активизм мектеби» аттуу уюм 17-декабрда мунайчыларга карата ок атуулардан кийин камакка алынган жумушчуларга тилектештиктерин билдирип акция уюштурду.

Активисттер ошондой эле расмий эмес маалыматтар боюнча айтылган 70 каза болгон жумушчуну эскеришти.

Активисттер элчиликтин имаратына гүлдөрдү алып барышып, түрдүү тилдерде жазылган «Жаңы-Өзөн» деген жазуулары бар такталарды орнотушту.

«Жаңы-Өзөн окуясы  — бул Казакстандын гана трагедиясы эмес,  бүткүл дүйнөлүк жумушчулар кыймылынын трагедиясы», — деп түшүндүрүштү активисттер.

Жаңы-Өзөн

Казакстандын Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн шаарындагы башаламандыктар 16-декабрда – Казакстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын белгилөө күнү башталган.

Болжол менен нааразычылыктардын пайда болушуна мунай жумушчуларынын айлык өлчөмдөрүнө макул эместиги себеп болгон.

Бирок Би-би-синин орус кызматы билдиргендей, андагы мунай жумушчуларынын айлык маяналары Казакстандагы эң жогорку айлыктардын катарына кирип, эки миң АКШ долларын түзгөн.

Расмий маалыматтар боюнча, башаламандык учурунда Жаңы-Өзөн менен Шетпе темир жол станциядагы полициянын ок атуусунан 16 адам каза болуп, 100дөн ашык киши жараат алган, деп жазат Би-би-си.

Өз кезегинде нааразычылык акциясынын катышуучулары жергиликтүү администрациянын имаратын жана башка бир нече объектини өрттөп жиберишкен.

Анда Казакстандын Башкы прокуратурасы митингтин катышуучуларын өлкөнүн эгемендүүлүгүн белгилөө үчүн чыккан «жөнөкөй жарандарга» кол салган «бейбаш топтор» деп атаган.

Андан кийин президент Нурсултан Назарбаев дагы башаламандыктын катышуучуларын «бейбаштар» деп атап, ал окуядан кийин Жаңы-Өзөндү калыбына келтирүү убадасын берген.

Буга чейин жумушчулар жети айдан бери айлык маяналарын жогорулатуу талабы менен иш таштоолорду уюштурушкан. Бирок эки тараптын бул боюнча сүйлөшүүлөрү эч жыйынтык бербей келген.

Жаңы-Өзөн коогалаңдуу окуясы боюнча 37 киши сот жообуна тартылган. 2012-жылдын июнунда Актау шаардык соту башаламандыктарды уюштурган деп айыпталып жаткан үч козголоңчуну актап чыккан. Жоопкерчиликке тартылып жаткандардын алтысы мунапыс боюнча бошотулса, 17си шартту түрдө кесилген. Дагы 11и үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө соттолгон.

Ошондой эле башаламандыкты токтотуу учурунда кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен полициянын беш кызматкери камакка алынып, беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышкан.

Автор: Зарема Султанбекова