Бишкектеги үч кишинин өмүрүн алып кеткен унаа кырсыгындагы унаалардын кагылышы тартылып алынган видео пайда болду

Абдрахманов көчөсүндөгү жашыруун камера 8-декабрдагы үч кишинин өмүрүн алып кеткен беш унаанын катышуусундагы кырсыкты тартып алган.

Видео тасмада Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкери депутат Жыргалбек Саматовдун жардамчысы Таалайбек Жакыповдун башкаруусундагы унааны токтотууга аракет кылып жаткандыгы көрүнүп турат.

Видеодо Абдрахманов көчөсү менен түндүк тарапты көздөй жогорку ылдамдыкта бара жаткан айдоочу милициянын токтотууга аракет кылган белгисин көңүлгө албай койгондугу тартылган.

Мамлекеттик жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Елена Айылчиева Kloop.kgге берген маегинде кырсыктын алдында милиция кызматкерлери Жакыповдун башкаруусундагы «Тойота Лэнд Крузер» унаасын токтотууга аракет кылгандыгын айтты.

«Унаа саатына 150 километр ылдамдыкта бара жаткан - кырсык менен аны токтотуу үчүн берилген белгинин ортосундагы убакыт санаалуу гана секунддарды түзгөн. [...] Токтоо командасын беришкен, бирок айдоочу ал талапты аткарган эмес», – деди Айылчиева.

«Тойота» андан кийин Киев көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө түндүктү көздөй кайрылып жаткан «Мерседес» үлгүсүндөгү маршруттук таксини келип сүзгөн.

Маршруттук таксинин айдоочусу ошол жерде эле каза болгон, анын эки жүргүнчүсү кийинчерээк, ооруканадан көз жумду, деген ИИМдин алдындагы Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын башчысы Талантбек Исаев буга чейинки Kloop.kgге берген маегинде.

Депутат Саматов Kloop.kgге берген маегинде жардамчысынын катышуусунда болгон унаа кырсыгы боюнча тергөө иштеринин жүрүшүнө тоскоолдук кылбай тургандыгын билдирген.

«Мен бул боюнча чечимдин мыйзамдын негизинде гана чыгарылышын талап кылам», – деген парламентарий.

Жакыпов Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарынын тергөө абагына эки айга камалды.

Динара Айдинова

Редактор: Александра Ли