Бишкек циркинде аюу адамга кол салды

Бишкек шаардык №4 ооруканасы чындыгында эле аларга аюунун кол салуусунан жабыр тарткан таптоочу келип түшкөндүгүн, бирок ооруканага жатып дарылануудан баш таркандыгын ырастады. Цирк бул маалыматтарды четке кагып, аны тараткандарды сотко берээрин айтууда.

№4 оорукананынын дарыгери Бакыт Рахматов аларга аюунун кол салуусунан буту менен белинен жараат алган таптоочу келип түшкөндүгүн ырастады.

Ал таптоочунун аты Виктор Шемшур экендигин билдирди. Ал ооруканага жатып дарылануудан баш тартып, циркке кайтып барган.

Цирктин жетекчилиги Кыргызстандын бир катар ММКлары жазып жибергендей, аюу таптоочуга кол салган эмес деп билдирди.

Цирктин кызматкери ал маалымат «жалган» деди Kloop.kgнин кабарчысына.

«Мындай нерселерди жазып эмне кереги бар? Эгер бул маалымат кимдир бирөө тарабынан атайын жазылса, анын ким экендигин тактайбыз», — деп билдирди цирктин кызматкери Kloop.kgнин кабарчысына.

Цирктин администратору Роман Романченко «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына берген маегинде «тез жардам станциясын сотко бере тургандыгын» айткан.

«Мен администратор катары коомчулуктун башын айлантып, кол салуу боюнча жалган маалымат билдирген дарыгерди сотко берем», — деп жазган «Вечерний Бишкек» администратордун айткандарын.

Саламаттык сактоо мининстрлиги менен Тез жардам станциясы Романченконун билдирүүсү боюнча комментарий алууга жеткиликсиз болууда.

Автор: Нурсултан Амангулов