Кызыл-Кыя базарындагы кыздын уурдалышына шектелип жаткан аял күнөөсүн «моюнуна алды»

Бир жашар Айбике Абдилакимованын апасы кызды уурдап кеткен деген шек менен кармалган аял күнөөсүн моюнуна алгандыгын айтты. Учурда кармалган адам Кызыл-Кыядагы тергөө абагында камакта. Милиция анын көрсөтмөлөрү боюнча кененирээк маалымат берүүдөн баш тартууда.

Кыздын апасы Назгүл Шарипова Kloop.kgге берген маегинде алгач кармалган аял кызды уурдабагандыгын билдирип, бирок кийинчерээк күнөөсүн моюнуна алгандыгын айтты.

«Кийин, милициядан телефон чалышып, ал күнөөсүн моюнуна алгандыгын айтышты. Андан бери бизге эч нерсе билдиришкен жок. Бизге тааныштар чалып, ушактар боюнча кызыңар Бишкекте экен деп айтышты», — дейт Шарипова.

Буга чейин Айбикенин апасы кызынын Кыргызстанда эле сатылып кетиши мүмкүндүгүн айткан.

Кызыл-Кыя шаарындагы милиция бөлүмүндөгүлөр кыздын уурдалышы боюнча тергөө улантылып жаткандыгын айтып, андан аркы комментарий берүүдөн баш тартышты.

Милициянын жергиликтүү бөлүмүнүн нөөмөтчүсү шектүү катары кармалган аял учурда Кызыл-Кыя шаарындагы тергөө абаганды камакта экендигин кошумчалады. Милиция аны үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын ортосунда колго түшүргөн.

Буга чейин Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Абдисалам Нарматов милиция жергиликтүү жашоочулардын бардыгынан сурап, Айбикенин сүрөттөрүн таратып жаткандыгын билдирген.

«Кимдир бирөө укса кабарлап коюңуздар деп адамдарга айтып атабыз. Биз сурабаган адам калган жок. Такси айдоочуларынан, жүргүнчүлөрдөн, ары-бери өткөндөрдөн, төрөт үйлөрүнөн сураштырдык. Ал жерлердин бардыгын текшерип жатабыз», — деген Нарматов Kloop.kgге берген маегинде.

Кыздын уурдалышын видеокөзөмөл камерасын толугу менен тарып алган.

Бир жашар Айбике Абдилакимова Кызыл-Кыядагы базардан дээрлик эки ай мурун уурдалган, анын кайсыл жерде экендиги бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.

Чоочун аял кыздын апасынын жанына келип, наристени кармап турууну сунуш кылган. Андагы видоебайкоо камерасы бардыгын - кыздын чоочун аялга берилишин жана анын кыз менен бирге кетип калгандыгын толугу менен тартып алган.

Видоедо кызды алган чоочун аялдын кайсыл жакка кеткендиги жана ал маалда кыздын апасы башка жакты карап тургандыгы көрүнүп турат.

Видеого ылайык, апасы баласын бергенден алты мүнөт өткөндө аны эстей коюп карама-каршы багытта издеп жөнөгөн.

«Балдардын укуктарын коргоо лигасы» коомдук фонду 2012-жылдын май айында статистикалык маалыматын жарыялаган - ага ылайык, Кыргызстанда жылдын алгачкы төрт айында эле 40 наристе уурдалган.

Кыргызстандын Кылмыш кодексинде бала уурдоо үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Автор: Айзат Шакиева