Депутат Абдылдаев «Ата-Журт» фракциясынын лидери болуп шайланды

Парламентарий Мыктыбек Абдылдаев Садыр Жапаровдун ордуна «Ата-Журт» фракциясынын лидери болуп шайланды. Жапаров «бийликти басып алууга аракет кылгандыгы» үчүн камалган УКМКнын тергөө абагынан 18-октябрда аталган орундан баш тарткан. Камактагы Камчыбек Ташиев «Ата-Журт» партиясынын лидери бойдон калды.

«Ата-Журт» фракциясынын 18-октябрдагы кезексиз жыйынында Абдылдаевди лидер кылуу чечими кабыл алынды, деп билдирди фракциянын бөлүм башчысы Эркин Баяманов Kloop.kgге.

«18-октябрда фракциянын кезексиз жыйыны болгон, анда шаардагы саясий абалды эске алып фракция лидери Абдылдаев Мактыбек Жусупович болот деген чечим кабыл алынды. Бул чечим Садыр Жапаров менен макулдашылган», — деди Баяманов.

«Ата-журтчу» Курманбек Осмонов бул чечим бир добуштан колдоого алынгандыгын айтты.

«Бир добуштан шайладык. Кворум болду, фракциядагылардын бардыгы бир добуштан колдоду», — деди ал.

Осмонов Абдылдаевди фракцияны жетектөөгө тактыктуу деп эсептейт.

«Абдылдаев — бул орунга татыктуу талапкерлердин бири. [..] Мыктыбек Жусуповичтин мамлекеттик органдарда иштөө боюнча бай тажрыйбасы бар, ал чоң жашоо мектеби менен чоң эмгек жолун басып өткөн. Ошондуктан аны кокустан тандап алган жокпуз», — деди Осмонов.

Ташиев июндун ортосунда «коомчулук менен көбүрөөк иштөө» үчүн фракция лидерлигинен баш тарткан, анда аны Жапаров алмаштырган.

Оппозиция лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана алардын кесиптеши Талант Мамытовдор «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылгандыктары» үчүн камакка алынган, учурда алар камакта — аталаган депутаттар октябрдын башында миңдеген кишилердин катышуусунда Ак үйдүн алдында «Кумтөр» алтын кенин улутташытруу талабы менен митинг уюштурушкан.

Акциянын жүрүшүндө митингчилердин бир бөлүгү Ташиев менен биргеликте парламент имаратын курчап турган томодон ашып өтүшкөн.

Кармалган оппозиционерлер бийликти басып алууну пландабагандыктарын билдирип жатышат.

Автор: Эльдос Казыбеков

Редактор: Зарема Султанбекова