Жалал-Абаддагы «Ата-Журттун» тарапташтары митингти улантуу ниетинде

Обладминистрация имаратынын алдындагы аянтта өткөн митингке беш миңдей киши катышты, деди Жалал-Абад обладминистрациясынын басма сөз катчысы Мунарбек Жөргөмов. Митингдин катышуучуларынын негизги бөлүгү тарап кетип, аянтта 8-октябрда ачкачылык жарыялаган 20дан ашык киши калды.

Жалал-Абад обладминистрациясынын басма сөз катчысы Мунарбек Жөргөмов Kloop.kgге берген маегинде митингтин аяктагандыгына 2 саат болгондугун айтты. Анын айтымында, нааразычылык өнөктүгүнө беш миңдей киши катышкан.

Митингдин катышуучулары «Ата-Журттун» лидерлерин бошотууну жана «Кумтөр» алтын кенин улутташтырууну талап кылып жатышат, – деп билдирди басма сөз катчы.

Митинг катышуучулары эртең да аянтка чыгуу ниетин билдиришти, – деп кошумчалады Жөргөмов.

Митингтин хроникасы

«Ата-Журттун» тарапташтары ачкачылык акциясын Жалал-Абадда өткөн үчүнчү митингинен кийин, 8-октябрда башташкан.

«Ата-Журттун» лидерлери 3-октябрда «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен Бишкектин борбордук аянтында өткөн митингтен кийин кармалышкан.

3-октябрда Ала-Тоо аянтында өткөн митингтин хроникасы

Аянттагы митингтен фоторепортаж

5-майда Биринчи май райондук соту депутаттарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Кандай болгон: “Ата-Журттун” лидерлеринин баш коргоо чарасын кароо

Алар күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылышкан деп күнөөлөнүүдө — Кыргызстандын кылмыш кодексинде мындай кылмыштар үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Автор: Александра Ли