Хроника: «Ата-Журттун» тарапташтарынын Жалал-Абаддагы митинги аяктады [14:52де жаңыланды]

Жалал-Абад обладминистрациясынын басма сөз катчысы Мунарбек Жөргөмовдун баамында, обладминистрация имаратынын алдындагы аянтта өткөн митингке беш миңдей киши катышкан. Нааразычылык өнөктүгүнүн катышуучуларынын негизги бөлүгү тарап кетип, аянтта 8-октябрда ачкачылык жарыялаган 20дан ашык киши калды.

14:52 Жалал-Абад обладминистрациясынын басма сөз катчысы Мунарбек Жөргөмов Kloop.kgге берген маегинде митингтин аяктагандыгына 2 саат болгондугун айтты.

Аянтта Жалал-Абаддагы 8-октябрда өткөн митингден кийин ачкачылык жарыялаган 20дан ашык киши калды, деп билдирди басма сөз катчы.

Жөргөмов кошумчалагандай, митинг катышуучулары эртең да аянтка чыгуу ниетин билдиришкен.

Анын айтымында, нааразычылык өнөктүгүнө беш миңдей киши катышты.

14:30 ММК борборунун Жалал-Абаддагы жетекчиси Жалил Сапаров Kloop.kgге берген маегинде митингтин катышуучуларынын бир бөлүгү кетип калгандыгын билдирди.

«Эл митингти өздөрү улантып жатышат, бийликтегилер камакка алынган депутаттардын бошотулушу тууралуу айтууда. Акция катышуучуларынын бир бөлүгү кетип калды, бирок көпчүлүгү аянтта», – деди Сапаров.

14:10, Бишкек: Бишкекте, Ак үйдүн имаратынын жанында да «Ата-Журт» партиясынын тарапташтарынын митинги өтүп жатат. Нааразычылык өнөктүгүнүн 40тан ашык катышуучусу партиянын камалган үч лидерин жана генерал Кубат Кожоналиев менен «Асаба» партиясынын лидери Салморбека Дыйкановдорду бошотууну талап кылып жатышат.

Митинг катышуучулары талаптары жазылган плакаттарды парламент имаратынын тосмосуна илип коюкан. Митинг тынч өтүп жатат.

14:02 Жалал-Абад шаарынын жашоочусу Нурбек Жолборсов Kloop.kgге берген маегинде Мадумаров менен Келдибеков митингден кетип, маалымат каражаттарына маек берип жаткандыгын айтты.

Митингде өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлу менен анын орун басары калды.

13:55 «Кабар» маалымат агенттигинин аймактагы кабарчысы Анаркан Жаныбаева Kloop.kgге берген маегинде аянтта беш миңдей киши жүргөндүгүн айтты.

Митингке муфтий Рахматилло Эгенбердиев келди, деп кошумчалады Жаңыбаева.

13:44 Жөргөмов Kloop.kgге берген маегинде митинг катышуучулары «Ата-Журттун» лидерлерин бошотууну жана «Кумтөрдү» улутташтырууну талап кылып жаткандыктарын билдирди.

Жөргөмовдун айтымында, учурда митингтин катышуучулары менен вице-премьер-министр Камила Талиева, саясий ишмер Азимбек Бекназаров жана парламенттин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков сүйлөшүп жатат.

Бул «Ата-Журттун» лидерлерин колдоп Жалал-Абадда өткөн үчүнчү митинг.

«Ата-Журттун» тарапташтарынын митинги 4-октябрда, депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор кармалгандан кийин башталган.

«Ата-Журттун» лидерлери 3-октябрда «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен Бишкектин борбордук аянтында өткөн митингтен кийин кармалышкан.

3-октябрда Ала-Тоо аянтында өткөн митингтин хроникасы

Аянттагы митингтен фоторепортаж

Алар күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылышкан деп күнөөлөнүүдө — Кыргызстандын кылмыш кодексинде мындай кылмыштар үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

5-майда Биринчи май райондук соту депутаттарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган.

Кандай болгон: “Ата-Журттун” лидерлеринин баш коргоо чарасын кароо
Авторлор: Александра Ли, Азат Рузиев, Дастан Үмөтбай уулу, Бегимай Жумабай кызы жана Бермет Момункулова