«Ата-Журттун» лидерлери тергөө абагына эки айга камалды

«Ата-Журт» фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор сот процесси башталганга чейин эки ай УКМКнын тергөө абагында камакта болушат. Алар «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» деп күнөөлөнүп жатышат. Парламентарийлердин жактоочулары соттун чечими боюнча даттануу ниетинде.

Партия лидерлери «Кумтөр» кенин улутташтыруу боюнча өткөн митинг маалында «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган» жана «бийликти басып алууга үндөөгөн» деп күнөөлөнүп жатышат - митингдин жүрүшүндө анын катышуучуларынын бир бөлүгү парламент имаратына кирип барууга аракет кылышкан.

Эл өкүлдөрүнүн жактоочулары депутаттардын баш коргоо чараларын караган Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча даттануу ниетинде.

«Саясий иш, чындык жөнүндө айтып болбойт», — деди Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов баш коргоо чарасы угузулгандан кийин райондук сот имаратынан чыгып келе жатып.

Кандай болгон: "Ата-Журттун" баш коргоо чарасын кароо

Айткуловдун айтымында, партия лидери "мени колдоп тарапташтарым митингке чыкпасын", деп айткан. Бирок «Ата-Журттун» басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов баш коргоо чарасы бекитилгенден кийин, митингдер улана берээрин билдирди.

«Митингдер өлкөнүн бардык жеринде өтөт. Биз өкмөттүн, президенттин отставкага кетишин, «Кумтөрдүн» улутташтырылышын жана биздин лидерлерди кое берүүлөрүн талап кылабыз», — деди Анаркулов.

«Ата-журтчулар» 3-октябрда кармалгандан кийин партиянын тарапташтары Жалал-Абадда митингке чыгышкан — алар эки күн аралыгында Ташиевди тергөө абагынан кое берүүнү талап кылып Бишкек-Ош унаа жолун бир нече жолу тосушту. Ташиев кесиптештери Жапаров жана Мамытовдор менен бирге баш коргоо чаралары каралганга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.

Ташиевдин тарапташтарынын Жалал-Абаддагы митинги.

«Ата-Журттун» лидерлери 3-октябрда Бишкектин борбордук аянтында «Кумтөр» алтын кенин улутташытууну талап кылган митингден кийин кармалышкан.

Kloop.kgинин кабарчыларынын баамында, митингке миңден ашык киши катышкан.

Акциянын жүрүшүндө митингчилердин бир бөлүгү парламент имаратын курчап турган тосмо аркылуу ашып өткөн, бирок күзөт кызматындагылар менен милиция көздөн жаш агызчу газ колдонуп сүрүп чыгарган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, митингтин катышуучулары менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы кагылыштан 12 киши жарат алган — алардын тогузу укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон.

Аянттагы митингден фоторепортаж

Кыргызстандын ММКлары Камчыбек Ташиевдин бутуна ок тийип жарадар болгон деп да жазышкан, бирок Саламаттык сактоо министрлиги ал маалыматты ырастаган жок.

Автор: Эльдияр Арыкбаев