Хроника: «Ата-Журт» партиясынын тарапташтарынын Жалал-Абад шаарындагы митинги [19:59да жаңыланды]

«Ата-Журт» партиясынын тарапташтарынын нааразычылык акциясы Жалал-Абадда уланып жатат. Ташиевдин жардамчысынын айтымында, обладминистрациянын имаратынын алдындагы митингде 7 миңден ашык киши катышып жатат. Администрациянын басма сөз катчысы бул маалыматы четке кагып, ал жерде 700дөй гана киши жүргөндүгүн айтты.

19:59 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун акиминин биринчи орун басары Төрөгелди Туркебаев «Клоопко» берген маегинде бир саат мурун митингке чыккандар Бишкек-Ош унаа жолун тосуп алышкандыгын билдирди.

Анын баамында, тыгында 500дөй унаа токтоп турат.

19:56 Жалал-Абад обладминистрациясынын басма сөз катчысы Мунарбек Жөргөмов«Клоопко» берген маегинде митингчилердин көпчүлүк бөлүгү тарап кетишкендигин билдирди.

«Шаардык борбордук аянтында 20-30дай адам калды. Алар боз үй тигип жатышат», – деди Жөргөмов.

17:56 Жалал-Абад обладминистрациясынын басма сөз катчысы Мунарбек Жөргөмов «Клоопко» берген маегинде облус губернатору Азизбек Турсунбаев жана ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдор менен бирге митингчилердин он өкүлү Ошко, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуу үчүн кетишкендигин билдирди.

Нааразычылык акциясынын калган катышуучулары обладминистрациянын имаратынын алдында Сатыбалдиевлин жообун күтүп жатышат.

17:11 «Ата-Журт» партиясынын саясий кеңешинин төрагасынын орун басары Данияр Жаныкулов журналисттер менен жолугушуу маалында Ташиев күнөөлү эмес, анын дарегине айтылып жаткан айыптоолорду «саясий буйрук» деп эсептеп жаткандыктарын айтты.

«Камчыбек Ташиев тарабынан мамлекеттик төңкөрүштү жасоо аракеттери болгон эмес. Ал бийликти кулатууга чакырган эмес», – деп билдирди Жаныкулов.

16:04 Мамытовдун жактоочусу Искендер Жоробаев «Клоопко» берген маегинде ал жактоого алган депутаттын үйүндө да тинтүү жүргөндүгүн билдирди.

«Тинтүү жүрдү, бирок эч нерсе табылган жок», – деп айтты Жоробаев.

15:55 Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов «Клоопко» берген маегинде ал жактоого алган депутаттын үйүн тинтүү аяктагандыгын айтты.

Жактоочунун айтымында, тинтүү учурунда «мыйзамга каршы келген» эч нерсе табылган эмес.

Жактоочу Мамытов менен Жапаровдун үйлөрүндө тинтүү жүргөн-жүрбөгөндүгүн билбейм деди.

15:33 Биринчи май райондук сотунун канцеляриясынан «Ата-Журт» партиясынын лидерлерине карата козголгон кылмыш ишинин материалдары келе электигин билдиришти.

15:20 Жалал-Абад облустук ИИБсинин башчысынын орун басары Жаныбек Арыков «Клоопко» берген маегинде митингке 300дөн ашык гана киши катышып жаткандыгын айтты.

Ал кошумчалагандай, акция тынч өтүп жатат.

14:56 «Ата-Журт» партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов «Клоопко» берген маегинде митингте жети миңден ашык киши катышып жаткандыгын ырастады.

«Бийликтегилер нааразычылык акциясына келген адамдардын санынан чочулап атат. Сандан адаштыруу үчүн бийлик каалаган жалган маалыматтарды берет», – деп билдирди Анаркулов.

14:39 Жалал-Абад обладминистрациясынын басма сөз катчысы Мунарбек Жөргөмов «Клоопко» берген маегинде Жалал-Абад шаарындагы митинг тынч өтүп жаткандыгын билдирди.

Ал Казакбаевдин митингке жети миңден ашык киши катышып жатат деген маалыматын четке какты. Жөргөмовдун баамында, обладминистрациянын имаратынын жанындагы митингке 700дөн ашык киши катышып жатат.

Басма сөз катчы кошумчалагандай, ал жерде болжол менен жүздөй милиция кызматкери да жүрөт.

14:23 Депутат Камчыбек Ташиевдин жардамчысы Тагайбек Казакбаев «Клоопко» берген маегинде Жалал-Абад шаарындагы митингке 7 миңден ашык киши катышып жаткандыгын билдирди.

«Эгер кырдаал курчуп кетсе митингдин катышуучуларынын саны эки эсеге өсүшү мүмкүн. А эгер бардык тарапташтары чогулса аларды эч ким көзөмөлдөй албай калат», – деди Казакбаев.

13:48 Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Клоопко» берген маегинде азырынча «Ата-Журт» партиясынын лидерлерине карата расмий күнөө коюла электигин билдирди.

Бул боюнча иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат, – деп айтышты мекемеден.

Биринчи май райондук сотунун кылмыш иштери боюнча иш алып барган канцеляриясынан билдиришкендей, сот азырынча депутаттардын ишин карабай эле - иштин материалдары келе элек.

13:34 Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Жаныбек Арыков «Клоопко» берген маегинде нааразычылык акциясы өтүп жаткан жерге 400дөн ашык милиция кызматкери жөнөтүлгөндүгүн айтты.

«ИИБнин жеке курамы толугу менен митингке жөнөтүлдү», – деди Арыков.

12:50 Жалал-Абад обладминистрациясынын басма сөз катчысы Мунарбек Жөргөмовдун баамында митингке 500дөн ашык киши катышып жатат.

11:28 Жалал-Абад обладминистрациясынын басма сөз катчысы Мунарбек Жөргөмов«Клоопко» берген маегинде митингке эл чогулуп баштагандыгын билдирди.

Жөргөмовдун баамында, учурда Жалал-Абад обладминистрациясынын жанында 80дей адам турат.

«Митингчилердин негизги бөлүгү келе элек. Бул күндүн сууктугуна байланыштуу болсо керек», – деди басма сөз катчы.

Анын айтымында, аянтта милиция кызматкерлери да жүрөт. Бирок Жөргөмөв алардын так санын билбейт.

Кечээ, 4-октябрдагы митингде облустагы президенттин толук ыйгарымдуу өкүлү митингдин катышуучулары менен жолугуп, талаптарын жетекчиликке жеткирүүнү убада кылган, деп кошумчалады Жөргөмов.

10:55 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедов «Клоопко» берген маегинде Бишкек-Ош унаа жолу 4-октябрда кечинде ачылгандыгын билдирди.

Мирзамедов нааразычылык акциясынын катышуучулары бүгүн жолду тоспой тургандыктарын билдиришти деди.

«Митингчилер обладминистрациянын имаратын көздөй бара жатышат, бирок канча адам экенин билбейм», – деди аким.

Автор: Александра Ли жана Азат Рузиев