Мадылбеков уулунун дарегине айтылган айыптоолордон улам парламенттеги комитет жетекчилигинен кетет

Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жетекчиси, депутат Туратбек Мадылбеков уулунун дарегине айтылган айыптоолордон улам кызматтан кетүү тууралуу арызын берди. Анын уулун 2010-жылдагы апрель революциясы маалында Бакиевдердин мүлкүн уурдап, саткан деп шекшип жатышат.

Комитет жетекчиси уулунун иши боюнча тергөө объективдүү жүрүп жаткандыгынан күмөн саноолор пайда болбошу үчүн кызматтан кетип жаткандыгын билдирди.

«Мен тергөөнүн жүрүшүнө парламенттик коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасынын ыйгарым укуктарын колдонуп жатат деп кимдир бирөөнүн шек саноосуна жол бере албайм», – деп жазат депутат өзүнүн арызында.

Мадылбеков уулу Эльдар күнөөлүү эместигин айтты.

«Мен шек саноолордун бардыгы негизделбегендигине ишенем», – деп жазган парламентарий.

Эльдар Мадылбеков 15-сентябрда «алдамчылыкка» жана «коррупцияга» шектелип кармалган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал 2010-жылдагы апрель революциясы маалында уурдалып алынган Бакиевдердин мүлкүн «мыйзамсыз ээлеп алып, саткан».

Эльдар Мадылбеков мамлекетке 94 миллион сом зыян келтирген, деп жазылган Башкы прокуратуранын сайтында.

Учурда парламентарийдин уулу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камакта.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков