ИИМ бүтүрүү кечесиндеги курсанттардын мушташы тууралуу жазылган макала үчүн гезитти сотко бербегендигин билдирди

«Дело №» гезити 6-сентябрда чыккан санында Ички иштер министрлиги ИИМ академиясынын бүтүрүү кечесиндеги мушташ тууралуу жазылган макала үчүн басылманы сотко берди, деп жазган — министрлик дагы, Бишкек шаарынын райондор аралык соту дагы бул маалыматты четке какты. Басылманын редакциясы комментарий берүүдөн баш тартып жатат.

«Дело №» гезитинде «ИИМ академиясы басылманын башкы редактору Светлана Красильникова менен «Держись, страна! В полку кыргызской милиции прибыло…» деген темада чыккан макаланын автору Лейла Саралиеваны, ошондой эле эки серепчини сотко берди» деген маалымат пайда болгон.

«Дело №» гезитинде басылып чыккан материалга ылайык, ИИМ Бишкек шаардык райондор аралык сотуна басылманын редактору менен журналисти окуу жайга 10 миң сом төлөп берсин деген талап менен доо арыз жазган.

ИИМдин басма сөз кызматы басылмадагы доо арыз тууралуу маалыматты четке какты — басма сөз кызматынын кызматкеринин сөзү боюнча, академия гезитти сотко берген эмес.

Бишкек шаарынын райондор аралык соту «Дело №» гезитине карата ИИМден доо арыз келбегендигин билдирди.

Гезиттин редакциясынан ИИМдин төгүндөөсү тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты.

«Гезитти окугула — ал жерде толугу менен жазганбыз. Башка айта турган эч нерсе жок», — деди редакциянын кызматкери.

Бүтүрүү кечесиндеги мушташ

Ички иштер министрлигинин академиясынын студенттери июндун аягында «Монте-Карло» ресторанында бүтүрүү кечесин өткөрүшүп, мушташып кетишкен.

Академия бүтүрүүчүлөрүнүн мушташка катышкандыгын тууралуу маалыматты четке каккан — академиянын нөөмөтчүсүнүн сөзү боюнча, мушташ чын эле болгон, бирок ал жерде студенттер «болгон эмес».

«Күбөлөрдүн белгилөөсү боюнча, мушташуу катуу эле болгон – отургучтарды сындырышып, ресторандын коопсуздук кызматкерлерин сабашкан. Бассейнге өстүрүлгөн гүлдөр идиштери менен ыргытылган», – деп жазган АКИпресс маалымат агенттиги.

«Держись, страна! В полку кыргызской милиции прибыло…» деген ат менен чыккан макаланын автору анда мушташты деталдуу түрдө баяндап, ага өз баасын берген.

«Эгер жетекчилик өзү окуяларды бурмалап жатса ИИМдин академиясында курсанттарды эмнеге окутуп, эмнени үйрөтүп жаткандыктарын элестеттүү кыйын», — деп жазган Саралиева, мушташ тууралуу маалыматты четке каккандыктары тууралуу жазган макаласында.

Автор: Жыргал Таалайбеков

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков