Бишкектеги автобустардын жарымы тетиктердин жетишпестигинен иштешпейт

Дөңгөлөктөрдүн, аккумуляторлордун жана айнектердин жоктугу — Бишкектеги автобустардын иштебей турушунун негизги себеби дейт шаардык транспорт башкармалыгында. Автобустун айдоочулары эскилиги жеткен дөңгөлөктүн айынан иштей албай жаткандыгына арызданышууда.

Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Заитбек Назырынбеков, азыркы күндө 450 автобустун 226си гана иштеп жатат дейт.

«Азыр биздин автобустарга керектүү – аккумуляторлор, айнек, дөңгөлөк сыяктуу тетиктерди сатып алууга каражат жетпей жатат. Бирок, кечээ керектүү авто бөлүктөрдү алуу үчүн мэр он миллон доллар бөлүп берди», – дейт башкармалыктын жетекчиси.

10 күндүн ичинде башкармачылык жетишпей жаткан тетиктерди сатып алаарын, ошондо 60 автобус ишке кирээрине Назырынбеков сөз берди

«Эскирген дөңгөлөктөр»

Негизги көйгөй дөңгөлөктөрдүн эскилиги, дейт айдоочулар.

№39 каттамдын айдоочулары «Клоопко» берген интервьюсунда, дөңгөлөктөрдүн жоктугунан же такыр эле эскирип кеткендигинен бул каттамдагы автобустардын саны кескин түрдө азайгандыгын айтышты.

Айдоочулардын бири Мырзабек, азыркы күндө анын автобусу иштебей, авто паркта тургандыгын айтты. Анткени, дөңгөлөктөр «такыр эле жарабай» калып, мэрия жаңы тетиктерди бербей жаткандыгын кошумчалады.

«Мэрия азыркы күнгө чейин дөңгөлөк берүү маселесин чечебиз сөз берип келет, бирок эч нерсе жок, мен бул дөңгөлөк менен бир жарым жылдан бери айдап келе жатам. Ал 80 миң километр иштеген, мөөнөтү эчак бүткөн, аны 60 миң километрден кийин эле алмаштырыш керек болчу», — дейт Мырзабек.

«Алмаштыра» турган башка каттамы жоктугунан жумушсуз калгандыгын айтты.

«Бир аз [оңдобосом] жасабасам, дөңгөлөктү желимдебесем — иштебей отурам», — деп кошумчалайт Мырзабек.

Ушул эле №39 каттамда мурун иштеп кеткен жана атын атагысы келбеген айдоочу, автобустардын ортосундагы интервал «бир сатты» түзгөндүктөн, каттам өзүн актабайт дейт.

«Күйүүчү майга каражат көп сарпталат, адамдар жок, эч ким аялдамада көпкө күткүсү келбейт, анан да жалаң кары-картаңдар гана түшүшөт», — дейт айдоочу.

Дөңгөлөктөр бир жылдан ашык мөөнөт алмаштырылбагандыктан транспорттун колдонулбай калышына алып келгендигин кошумчалады.

«Мен алгач 39-каттамда иштечүмүн, бирок кийин алардын санын дөңгөлөктүн жоктугунан жана эскиргендигине байланыштуу кыскартып салышты эле, мен 9-каттамга кетип калдым. Мэриянын акчасы жок. Кырдаал өзгөрүлбөсө база толугу менен сызга отуруп калат», — дейт маектеш.

Анын айтымында, мэрия көптөн бери дөңгөлөк менен камсыз кылабыз деп сөз берип келе жатат, бирок «жыйынтык дале жок».

«Мен бир жарым жылдан бери дөңгөлөктөрүмдү алмаштырбай айдап жүрөм. Мэрия январда эле убада берген, анан баягы эле көрүнүш, мындайча айтканда биз дагы бир жолу алдандык. Ыракмат дагы, эч болбосо соляркабызды куюп берип жатышат», — дейт айдоочу.

Азыркы күнү №39 каттамда төрт автобус иштеп жатат.

№38 каттамдын айдоочусу Марат «Клооптун» кабарчысына мэрияга дөңгөлөктөрүн алмаштыруу боюнча бир нече жолу кат менен кайрылгандыгын айтты. Себеби анын дөңгөлөктөрү «эчак эле жарабай калган».

«Дөңгөлөк көйгөйлүү маселелердин бири, мэрия камсыз кылбай жатат, иштебей турган авто унаалар өтө көп. Азыркы дөңгөлөктөрүм менен бир жылдан бери жүрөм, бул абдан көп убакыт. Жакында мен да туруп калам го, анткени бул дөңгөлөктөр бир айга гана жетет», — деди айдоочу.

№42 каттамдын айдоочусу Руслан автобусу азыр автопаркта турганын, бирок ага «үч күндөн кийин» дөңгөлөк беребиз деп сөз беришкендигин айтты.

«Мэрия бизге дөңгөлөк бербей жатат, тигине, канчалаган автобустар ишсиз турат, жарымынан көп. Менин автобусум үч айдан бери иштебей турат, мен болсо башка №42[автобуста] алмашып иштеп жатам. Ага чейин бир жарым ай жумушсуз отурдум», — дейт жигит.

«Керектүү тетиктерди мэрия сатып берүүдө»

Мэриянын басма сөз катчысы Эдита Аипова «Клоопко» берген интервьюсунда «баардык керектүү нерселер», анын ичинде дөңгөлөк да сатып алынып жатат деп маалымдады. Анын айтымында, бүт мэрия үчүн айдоочулар жооп бергенге «компетенттүү эмес».

«Дөңгөлөктөр керегине жараша, жайкы жана кышкы болуп алмаштырылып жатат. Мен өзүм айдоочумун, мен да жылына эки жолу алмаштырам, кышкыга жана жайкыга. Биз транспорттук башкармалыкка барганыбызда шаардын мэри Иса Өмүркулов дөңгөлөктөрдү сатып алуу боюнча тапшырма берген. Керектүү тетиктердин баарын мэрия сатып берүүдө», — дейт Аипова.

Басма сөз катчы азыркы убакытта №39 каттам «рентабелдүү эмес» экендигин, ага аз сандагы гана адам түшөөрүн айта кетти.

«39-каттам рентабелдүү эмес, автобустар дайыма бош, жүргүнчүлөрдүн саны аз, ошондуктан бул каттамдын санын азайтышыбыз мүмкүн», — деп билдирди Аипова.

Редактор: Улугбек Акишев

Авторлор: Любовь Шевченко жана Раим Досункулов

Которгон: Айсулуу Кокоева