Жергиликтүү шайлоолор - 2012: Караколдо добуштарды саноо токтотулду [2:26 + фото]

Шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон Караколдун тургундары борбордук аянтта чогулуп, жыйынтыктардын жокко чыгарылышын талап кылып жатышат. Ош шаарында Мелис Мырзакматовдун "Улуттар Биримдиги" партиясы 50%га жетпеген добуш алышты. Социал-демократтар экинчи орунда. Массалык бюллетен ыргытуу жана бир нече жолудан добуш берүү фактылары боюнча байкоочулардан эң көп арыздар түштү.

2:26 Караколдо кырдаал тынчыды. Жергиликтүү шайлоо комиссиясы жаштар кыймылынын лидерлери менен макулдашууга келди. Эртең ЖШК жаштар кыймылы, көз карандысыз байкоочулар жана партиянын өкүлдөрү менен бирге добуштарды санашат.

2:00 Ошто бюллетендер саналып бүттү. Мелис Мырзакматовдун "Улуттар Биримдиги" партиясы добуштардын 47,36% алды. 23, 98% социал-демократтар, 17,07% "Республика" партиясы алды.

Эгер көрсөткүчтөр өзгөрүлбөсө шаардык кеңеште "Улуттар бирмдиги" 22 орун, КСДП 11 орун, "Республика" 8, "Адилеттүү Кыргызстан" 2, "Ата Мекен" жана "Замандаш" бирден орун алышты.

1:26 Каракол шаарындагы атын атагысы келбеген КСДП партиясынын байкоочусу, алардын участокто эч кандай бузуулар болгон жок, шайлоочулардын баары өзүн тизмеден табышты, ал эми жаштардын нааразычылыгынын себебин билбейм деп кабарлады.

1:07 Көз карандысыз байкоочулар, жаштар кыймылынын өкүлдөрү жана  "КСДПдан башка" партиялардын байкоочулары шайлоолордун жыйынтыгынын жокко чыгарылышын талап кылып жатат дейт, "Союздун" байкоочусу Акылбек Абдыкадыров Караколдон.

Мэриянын имаратында сүйлөшүүлөр өтүп жатат, милиция кызматкерлери имаратты курчоого алды.

0:59 Караколдо кырдаал курч. Ош шаарында бюллетендердин 87% саналып бүттү. Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун "Улуттар Бирмдиги" партиясы шаардык кеңеште көпчүлүк добушка ээ болбой калышы мүмкүн, анткени азыркы маалыматтар боюнча добуштардын 45,68% гана ээ болду. 25,46% менен экинчи орунда социал-демократтар, 17,03% менен үчүнчү орунда "Республика" келе жатат.

Токмокто бюллетендер саналып бүттү. 27, 85% менен биринчи орунда "Республика", 15% менен "Биримдик" экинчи жана 11,47% менен "За наш город" партиясы үчүнчү орунду ээледи.

Социал-демократтар  8,83% менен төртүнчү орунда, алардын артынан 6,22% менен "Ак Шумкар" партиясы келе жатат.

0:50 "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынан"  Эрмек Тойчубеков азыркы учурда Каракол шаарында жүрөт. Анын айтымында, жаштар кыймылынын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылып мэриянын фойесинде турат.

"200-300 адам, бирок баары тынч", дейт Тойчубеков.

Кээ бир участоктордун шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү ЖШКга бош протоколдор менен келген, бул адамдардын нааразычылыгына өсүшүнө алып келди.

ЖШК мэриянын имаратында жайгашкан.

"Участкалардын шайлоо комиссиялары жана ЖШК жакшы даярдык көрүшпөптүр, анткени комиссиянын мүчөлөрү протоколду туура эмес толтуруп алабыз деп чочулашыптыр. Ал эми элдер добуштар жасалып жатат деп ойлошту", — деп Тойчубеков түшүндүрдү.

ЖШКнын өкүлдөрү жаштар кыймылынын лидерлерине компромисс сунуштап жатышат - алар менен бирге бюллетендерди саноо. Бирок жаштар шайлоолордун жыйынтыгынын жокко чыгарылышын талап кылып жатат.

0:36 Шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон жаштар ЖШК жайгашкан мэриянын имаратына киришти. Ысык-Көл облусундагы "Клооптун" маалымат булактары менен байланыш үзүлдү.

23:56 Каракол шаарынын борбордук аянтында чогулган адамдар социал-демократтар тарабынан болгон бузууларды айтышып, шайлоонун жыйынтыкттарынын жокко чыгарылышын талап кылып жатышат.

Шайлоого катышкан бардык партиялардын өкүлдөрү мэрияга чакырылды, дейт "Клооптун" Караколдогу булагы.

23:41 Каракол: Караколдон маалыматтар эмне себептен келбей жаткандыгы белгилүү болду. Шайлоо процессинине нааразы болгон 100дөй адам жергиликтүү шайлоо комитети жайгашкан мэриянын имаратына кирүүгө аракеттенип жатышат. "Милиция адамдарды чыгарууга аркеттенип жатат " дейт "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициянын" жетекчиси Динара Ошурахунова "Твиттер" эккаунтунда.

23:28 Ошто бюллетендердин 59,79% саналды.

Мелис Мырзакматовдун "Улуттар Биримдиги" партиясы 47,69% менен алдыда келе жатат. 22,88% менен экинчи орунда социал-демократтар жана 16,49% менен "Республика" үчүнчү орунда.

Токмокто бюллетендердин жарымы саналды. Бир дагы партия көпчүлүк добушту алган жок — "Республика" партиясы 28%, "Бирмдик" 14,81%, "За наш город" 13,42%, социал-демократтар 8,49% алышты.

"Ак Шумкар", "Ар Намыс" жана "Ата Мекен" партияларында да шаардык кеңештен орун алуу мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок 1-2 орундан көп эмес.

Караколдон азыркыга чейин маалыматтар жок.

Бардык маалыматтар БШКнын  "Шайлоо" расмий системасынан алынды.

22:48 Ош шаарында бюллетендердин үчтөн бир бөлүгү саналды. Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун "Улуттар Биримдиги" партиясы 47% алды, социал-демократтар 23% жана "Республика" 16% алды.

"Адилеттү Кыргызстан" партиясы 7% ээ болду.

Токмокто бюллетендердин 35% саналды: 24% менен "Республика", экинчи орунда жергиликтүү "За наш город" (16%) жана үчүнчү "Биримдик" (13%), ал эми 9% менен төртүнчү орунда социал-демократтар келе жатат.

Караколдон маалыматтар жок.

22:46 "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициянын" жетекчиси Динара Ошурахунова "Твиттер" экканунтунда: "Оштогу бир участокто уруш чыкты. Балким шайлоонун жыйынтыктары жокко да чыгарылат" деп кабарлады.

22:36  Ош шаарында бюллетендердин төрттөн бир бөлүгү саналды. Мелис Мырзакматовдун партиясы 51,3% менен алдыда келе жатат.

Экинчи орунда 23% менен социал-демократтар, үчүнчү орунда 15% менен "Республика" партиясы келе жатат.

Токмок шаарында бюллетендердин 30% саналды. 26% менен Өмүрбек Бабановдун "Республика"  партиясы алдыга озуп чыкты. Жергиликтүү "За наш город" жана "Биримдик" партиялары 15% жана 12% алышты.

Токмок шаарында КСДП партиясы 9% менен төртүнүч орунда келе жатат.

Караколдон  маалыматтар жок.

22:12 Жалпысынан Кыргызстанда шайлоо процесси "шайлоо кодексинин нормалары менен өттү" дейт "Таза шайлоо" ассоциациясы.

Бирок, пресс-релизинде Ош шаарында бир нече бузуулар катталгандыгын  белгилеп өттү. Массалык түрдө бюллетень ыргытуу (тогуз участокто катталган), автобустар менен шайлоочуларды жеткирип бир нече жолудан добуш берүү (он участокто катталды) и жана үгүттөө (он участокто катталды).

Кайсы партиянын өкүлдөрү экенин ассоциация тактаган жок. "Клооптун" кабарчыларынын баамында арыздар бардык партияларга түштү.

22:06 Ош шаардында бюллетендердин 22% саналды - "Улуттар  биримдиги" 52,51%, КСДП 23,42% менен экинчи орунда. Ал үми үчүнчү орунда 15% менен "Республика" партиясы.

Токмок шаарында 20 шайлоо участогунун үчнөөнүн бюллетендери саналды (15%). Азыркы учурда "За наш город" партиясы 18,5% менен алдыда келе жатат. Алдыңкы үчтүккө 17,43% менен "Республика" партиясы жана 13,9% менен "Биримдик" партиясы кирди. Төртүнчү орунда 8,65% менен КСДП партиясы

Каракол шаарынан маалыматтар жок.

20:13 Ош: "Клооптун" кабарчысы №5376 участогуна саат 18:45те Ош шаарыны мэри Мелис Мырзакматов келгендигин кабарлады.

"Кирип "баары жакшыбы?" деп сурады. Шаарды баары тынч деп кошумчалап, чыгып кетти", - дейт кабарчыбыз.

19:53 Ош Шайлоо участокторунан көз ирмем:

19:17 Ош: "Таза шайлоо" ассоциациясынын аткаруучу директору Айнура Усупбекова беш байкоочунун жашоосуна кооптонуп иштен четтеткендигин маалымдады.

19:13 Ош: КСДП партиясынын Ош шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Зуура Каденова да добуш сатып алуу жөнүндөгү маалыматты четке какты. "Эч кимге акча сунуштаган эмеспиз. Болгону шайлоо процессине көзөмөлдөө жүргүздүк", — дейт Каденова.

19:11 Ош: "№5325 участогунда добуштарды саноо башталганда свет өчүрүлдү", — деп "Интербилим" фондунун байкоочусу Алмаз Батырбеков кабарлады.

19:00 Бардык шайлоо участоктору жабылды. Добуштарды саноо башталды.

18:57 Ош: "Республика" партиясынын Ош шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Абдували Токтомаматов добуш сатып алуу маалыматтарын четке кагып, булардын баары "кара пиар" дейт.

"Биздин маалыматтар боюнча бардык партиялар добуш сатып алышты, бирок биз акча берген жокпуз", - дейт Токтомаматов.

18:34 Каракол: №3159 участогунун байкоочусу Рита Имангазиева алардын участокто 517 адам добуш бергендигин маалымдады. Жүздөн ашуун адам тизмеге түшпөй калган. Президенттик шайлоолорго катышкан, бирок бүгүнкү тизмелерге түшпөй калгандар да бар

"Бир бузуу катталды. Башка бирөөнүн атынан шайлап коюштуптур. Бул фактты катоого алып, шайлоо комиссиясынын төрагасына тапшырдык", — дейт Имангазиева.

18:29 Ош: "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын" жетекчиси Динара Ошурахунова твиттер-эккаунтунда "Ош шаардык ИИБ биздин юристтен арыз кабыл албай жатат" деп кабарлады.

"Эмнеге кабыл албай жаткандыгын түшүндүрбөдү. Макул, анда БШКга жана прокуратурага барабыз", — дейт Ошурахунова.

18:23 Ош: Кабарчыбыз Элиза Алмазбекова №5305 участогунда "Республика" жана КСДП партияларынын өкүлдөрү шайлоочуларга акча берип жаткандыгына күбө болгондугун кабарлады.

"Алты адам алып келишти, алар кирип добуш берип чыккандан кийин колдоруна 1000 сомдон карматышты, өз көзүм менен көрдүм дейт", — дейт кабарчыбыз.

18:12 Ош: "Улуттар Биримдиги" партиясынын байкоочусу Каныбек Бекмуратов №5273 участогунда  массалык бюллетен ыргытууга аркеттенген адам кармалгандыгын маалымдады.

"Бирөө келип бир нече бюллетен ыргытууга аркеттенди, урнага салып жатканда бирөө түшүп калып байкалып калды", — дейт Бекмуратов.

18:10 Ош: "Таза шайлоонун" мобилдик тобунун мүчөсү Илья Лукашов №5288 участокто бюллетендер түгөнүп калгандыгын маалымдады.

"Участоктун жаныда ар кайсы партиялардан 300-400дөй адам турат. Алардын кээ бирилери добуш бере алышпады. Адамдардын агрессивдүү жүрүм-турумунан участокко спецназ аскерлери менен автобус келди", — дейт байкоочу.

18:00 Каракол: Шайлоочу Гульнара Мадамбекова өзүн шайлоочулардын тизмесинен таба албагандыгын кабарлады.

"Так эле ушундай кырдаал президенттик шайлоолордо да болгон. Арыз жазганбыз. Жолдошумду тизмеге киргизишиптир, мен кайра жок экенмин. Наарзымын" — дейт Каракол шаарынын тургуну.

17:57 Каракол: "Таза шайлоонун" байкоочусу №3147 участогуна маршрутка менен шайлоочулар алып келингендигин айтты.

"Жетидей адам келди. КСДП деп жазылган микравтобус алып келди", — дейт Замиркулов.

17:54 Каракол: №3159 участогунун байкоочусу Рита Имангазиева 100дөй адам өзүн тизмеден таба албагандыгын айтты.

"Бир жигит өзүн жана үй-бүлөсүн тизмеден таба албай уруш чыгарды. Катталганына карабастан, адамдар шайлоочулардын тизмесинде жок. Ичиң күйөт", — дейт Имангазиева.

17:42 Ош: "КСДП партиясынан бир айым келип "кел сүйлөшөлү, актты тытып сал" деди. Акча да сунуштап жатышат. Мен макул бобой койсом, каргышка каласың деди", — дейт "Таза шайлоо" ассоциациясынын №5292 участогундагы байкоочусу.

17:38 Ош: №5205 участогунда кезекте 80 адам турат, дейт "Клооптун" кабарчысы Элиза Алмазбекова.

"Шайлоочулар кыйкырып, ышкырып, бири-бирине жол бербей түртүшүп жатат", — дейт кабарчыбыз.

17:34 Каракол: №3147 участогунун байкоочусу Акылбек Абдыкадыров катталган 800 адамдын 350 добуш бергендигин  маалымдады.

"Бул райондо 1300-1400дөй адам катталган, бирок тизмеге түшпөй калышкан. Бул эми жергиликтүү бийликтин кемчиликтери. 80ге жакын адам өзүн тизмеден таба алышпады. Бир бузуу фактысы катталды - бир шайлоочу анын атына башка бирөө добуш берип кеттекендигин аныктады. Күнөөкөр деп табылган шайлоо комиссиясынын мүчөсү иштен четтетилди", — дейт Акылбек.

17:30 Ош: "Таза шайлоо" ассоциациясынын аткаруучу директору Айнура Усупбекова №5279 участогундагы мыйзам бузуулар катталгандыгын маалымдады.

"Биздин байкоочулар тарабынан №5279 участогунда массалык бюллетень ыргытуу фактылары катталды. Ал эми №5288 участогунда партиялардын байкоочуларына жана биздин кызматкерлерге басым көрсөтүлүп жатат", —  дейт Усупбекова.

17:27 Ош: №5325 участогунун жанында турган жигиттердин топтору "Клооптун" кабарчысына "кетпесен фотоаппартыңды алып алабыз" деп коркутушту.

17:23 Ош: "Таза шайлоо" ассоциациясынын байкоочусунун маалыматында шайлоочулардын активдүүлүгү төмөндөй баштады. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендер түгөнүп жаткандыгын айтышты.

"Азыркы учурда шайлоо участкаларынын жаныда бири-бири менен гана урушуп жаткан кең далылуу жигиттердин топтору турат", — дейт байкоочу.

17:15 Токмак: Токмок шаарындагы байкоочу Ефим Долгих маркерлөө менен байланыштуу "техникалык маселелер" болгондугун айтты.

"Беш мүнөттөн кийин эле өчүп калып жатат анткени жакшы боёлгон эмес. Бир топ участоктордо добуш сатып алуу жана үгүттөө фактылары катталды", — дейт Ефим.

17:10 Каракол: №3149 участогунун шайлоо комиссиясынын мүчөсү Эмир Акназаров участокто кырдалл "стабилдүү" дейт.

"Бузулуулар жок. Шайлоочулардын 49% добуш берди", —  дейт Акназаров.

16:51 Ош: "Төртүнчү жолу добуш берип жаткан адамды кармадык. Кармасам колунда 2 бюллетень бар экен. Бюллетенди шайлоо комиссиясынын төрагасы алып чөнтөгүнө салып койду", — дейт №5292 участогундагы "Таза шайлоонун" байкоочусу.

Шайлоо комиссиясынын төрагасы бюллетендерди сейфке салды, дейт байкоочубуз.

16:45 Ош: "Таза шайлоо" ассоциациясынын байкоочусу Гүлжамал Асылбекова "бир нече жолу добуш берүү фактылары" катталгандыгын кабарлады.

"Кийимдерин алмаштырып кайра кирип жатышты. Колундагы маркировканы май менен сүртүп жаткандыгын өз көзүм менен көрдүм", — дейт Асылбекова.

16:37 Каракол: №3159 участогунун байкоочусу Рита Имангазиева 480 адам добуш бергендигин кабарлады.

"Бир бузуу катталды. Башка участокто добуш берген айым бизге келип кайра шайлоого аракет кылган, бирок участокко киргизилген жок. 10 адам өзүн тизмеден таба алышпады", — дейт байкоочу айым.

16:34 Ош: "Интербилим" коомдук фондунун байкоочусу №5276 участогундагы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана байкоочулардын ортосундагы талашты чечүү үчүн мобилдик топ келгендигин кабарлады.

"Акт түзгүлө, эгер талашты уланта берсеңер эч жыйынтык чыкпайт деди мобилдик топтун мүчөсү", —  дейт байкоочу.

Атын атагысы келбеген байкоочу, Ноокат  жана башка айылдарынан бир топ адам келгендигин маалымдады.

"Ошто каттосу болбогон бир нече айылдаштарым келип добуш берип кеткендигине күбө болдум", — дейт байкоочу.

16:30 Ош: №5292 участокко 30-35 адам кирип келди. Шайлоо комиссиясынын төрагасы бюллетендер калбай калды деп кыйкырып жатат", — дейт "Таза Шайлоо" ассоциациясынын байкоочусу.

16:25 Каракол: №3149 участогунун шайлоо комиссиясынын мүчөсү Эмир Акназаров катталган шайлоочулардын 45%ы добуш бергендигин кабарлады.

"Бузуулар катталган жок. Кырдаал тынч", — дейт Акназаров.

16:19 Каракол: Каракол шаарынын тургуну Алтынай Байсалова №147 шайлоо участогундагы тизмеде жолдошу жана үч баласынын фамилиясын таба албагандыгын маалымдады.

"Биз бул жерде катталганбыз да", — деп Байсалова нааразы.

№147 участоктогу 1485 адамдын 500ү эле шайлоочулардын тизмесинде бар экен, деп Арыкыз Калчаева да нааразы.

"Үй-бүлөбүз менен тизмеде жок экенбиз. Бирок президенттик шайлоолордо добуш бергенбиз да. Мындай кантип болсун, чара көрүлсүн!",  — деп шайлоочу айым нааразы.

16:15 Саат 16:00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү:

Ош — 47,95 % (123360 шайлоочунун ичинен);
Токмок — 30,94 % ( 22369 шайлоочунун ичинен);
Каракол — 39,26 % (18000 шайлоочунун ичинен).

16:12 Ош: №5329 участогунда башка ат менен добуш берүүгө аракеттенген 18 адам кармалгандыгын "Адилеттүү Кыргызстан" партиясынын байкоочусу Эртөштү Жумабаев кабарлады.

16:07 Ош: "Таза шайлоонун" байкоочусунун айтымында шайлоо участокторуна адамдарды алып келип жаткан марштрутканын сүрөтү:

16:00 Ош: Токтогул аттуу шайлоочу №5307 участогуна КСДП партиясынын депутаты Акылбек Султанов келгендигин кабарлады.

"Акылбек Султанов телефон аркылуу "15 адам алып келдим, кантип киргизээримди билбей жатам" деп сүйлөшүп жаткандыгын уктум", — дейт шайлоочу.

15:47 Ош №5276 участогуна Ош шаарынын вице-мэри Рустам Мирзаматов  кирип келип "эгер байкоочулар шайлоо процессине кийлигишип жатса, имараттан чыгаргыла" деп милиция кызматкерлерине көрсөтмө бергендигин "Интербилим" коомдук фондунун байкоочусу  "Клоопко" берген интервьюсунда маалымдады.

Рустам Мирзаматов "Улуттар Биримдиги" партиясынын мүчөсү.

15:42 Ош: №5386 участогунун байкоочусу Айчүрөк Гүламидинова кээ бир шайлоочуларга шилетме жасап, көчөдө мылтыкчан жана маска кийген адамдар турганын кабарлады. Участоктон алыс эмес жакта токтотулган авто унаанын жаныда турушат.

15:37 Каракол: "Союз" байкоочулар тобунун мүчөсү Алмаз №3139 участогунда кырдаал стабилдүү дейт.

"Бузуулар бар, 48 шайлоочу өзүн тизмеден таба албады. Катталган 577 адмадын 48% — 263ү добуш берди", — дейт Алмаз.

№3159 участогунун байкоочусу Рита Имангазиева да шайлоо участогунда кырдалл стабилдүү болгонун маалымдады.

"Катталган 1023 адамдан 450ү шайлашты. 50дөй адам өзүн тизмеден таба албай, кээ бирөөлөрү ошо бойдон добуш бербей кетишти", — дейт Имангазиева.

15:33 Ош: №5307 участогунда катталбагандыктан добуш бере албагандыгы үчүн бир мырза нааразычылыгын билдирген, дейт "Клооптун" кабарчысы Элиза Алмазбекова.

"Ачуусу келип "мен эмнеге добуш бере албайм?" деп кыйкырып жатты. Ушул эле участокто бир айым документсиз келип шайлайм деди. Комиссия мүчөлөрү журналисттерди жана байкоочуларды имараттын ичинен "кууп чыгышыт", — дейт кабарчыбыз.

15:19 Ош: "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын" байкоочусу Илья Лукаштын блогунан алынган сүрөттөр:

15:16 Ош: №5325 участогунда бир айым башка бирөөнүн атынан добуш берүүгө аракеттенди. Комиссия мүчөлөрү айымды тышка чыгарып кетишти. Шайлоо комиссиясынын төрагасы жана айымдын ортосунда урушуу болду дейт, "Клооптун" кабарчысы Суербек Аманов.

15:11 Ош: №5316 участогуна үгүттөө үчүн "Республика" партиясынын байкоочусу иштен четтетилгендигин "Таза шайлоо" ассоциациясынын жетекчиси Айнура Усупбекова кабарлады.

Усупбекова партиянын байкоочуларын шайлоо прооцессин бузбоого чакырды.

15:05 Ош: Кайсы партия же уюмдун байкоочусу экенин атагысы келбеген байкоочусу Кундуз Рахманалы, №5300 участогунда чакыруусуз шайлоолорго катышууга аракет кылган үч адам катталды, деп маалымдады.

15:00 Ош: №5247, №5277 жана №5553 шайлоо участокторунда мыйзамсыз түрдө бюллетендериди берүү фактысы катталагандыгын "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын" байкоочусу Руслан маалымдады.

14:57 Ош: ИИМдин басма сөз катчылыгын маалыматында "бузуулар катталган жок".

"Шайлоолор тынч өтүп жатат", —дейт басма сөз катчылыктын өкүлү Жеңиш Ашырбаев.

14:53 Ош: №5325 участогунда 50-60тай киши өздөрүн тизмеде таба алышпады, дейт "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын"  байкоочусу Алмаз Батыров.

"Тизмеде катталган, бирок паспортсуз келгендер бар. Алардын добуш берүүсүнө уруксат бербей жатабыз. Кээ бирөөлөрдүн бир нече жолу добуш берүү аракеттерине бөгөт коюлду", — дейт Батыров.

14:44 Ош: "Көчөлөрдө коомдук транспорт аз", — дейт "Клооптун" кабарчылары.

14:34 Ош: "Таза шайлоо" ассоциациясынын  аткаруучу директору Айнура Усупбекова №5315 участогунда бузуулар катталгандыгын маалымдады.

"Одоно бузуулар болуп жатат, шайлоочуларды массалык түрдө автобус менен алып келүүлөр катталды. Байкоочуларга басым көрсөтүлүп жатат. Участоктордон биздин байкоочуларыбыздын чыгарылышын талап кыдып жатышат", — дейт Усупбекова.

14:30 Ош: №5292 участогунан сүрөт: Милиция кызматкерлери кирип келген жигиттерди кармоого аракеттенүүдө. Айымдар урушуп жатат.

14:25 Ош: "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын" жетекчиси Динара Ошурахунова твиттер-экканутунда "оппозициялык "Ата Журт" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары эртең Ошто саат 11:00дө митиннге чыгууну пландаштырып жатат" деп мобилдик тобуна шилтеме жасап кабарлады.

14:20 Каракол: "Союз" байкоочулар тобунун өкүлү Абдыкадыров Акылбек №3147 участогунда 500дөй адам шайлоочулар тизмесине кирбей калгандыгын маалымдады.

"Бул адамдар президенттик шайлоолордо добуш берген. Тизмеге түшпөй калышы шайлоо комиссиясынын жакшы иштебегендиги", — дейт Абдыкадыров.

14:03 Ош: Атын атагысы келбеген милиция кызматкери №5281 участогунда 5-6 жигит  жалган прописка менен келгедигин маалымдады.

"Аттарын азырынча атабай эле коёлу", — дейт милиция кызматкери.

14:00 Ош: "Таза шайлоонун" байкоочусу №5292 участогуна "белгисиз жигиттер кирип келди", көчөдө мушташып жатышат деп кабарлады.

13:56 Ош: "Биз барган ар бир участокто 20-30дан кең далылуу жигиттер жүрөт" деп "Таза шайлоо" ассоциациясынын мобилдик тобунун мүчөсү Талант Исмаилов маалымдады.

"Жапалак" районунда добуш берүү үчүн кезекте 150-200 адам турат", — дейт Исмаилова.

13:48 Ош: Ош шаардык мэриясынын маалыматында шайлоолордо "одоно бузуулар" катталган жок. Ош шаардык жергиликтүү шайлоо комиссиясынын төрагасы Саадат Маматалиеванын айтымында, партиялардын талапкерлери шайлоо участокторунда жүргөндүгү жөнүндө телефон чалуу түшкөн.

"ЖШКга телефон чалуу түштү, талапкерлерге шайлоо участкаларынан кетишин айттык. Азырынча одоно бузуулар каттала элек", — дейт Ош шаарынын мэриясы.

13:38 Сатт 13:00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү:

Ош шаары — шайлоочулардын 30,7 %;
Токмак шаары — шайлоочулардын 30,94 %;
Каракол шаары — шайлоочулардын 25,91.

13:33  Ош: №5328 участогунун шайлоо комиссиясынын төрайымы Гульмира Ахмедова участокто 447 адам катталгандыгын, азырынча 150сү гана келгендигин кабарлады.

"Ар бир 15 мүнөттө бирден шайлоочу келип жатат", — дейт Ахмедова.

13:30 Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчылыгынын кызматкери Наталья Секерина "Клоопко" берген интервьюсунда, саат 13:30га карата Ош шаары боюнча шайлоочулардын 30,7% добуш бергендигин кабарлады.

13:21 Ош: №5277 участогунда массалык түрдө бюллетень ыргытуу аракеттери катталды, дейт "Адилеттүү Кыргызстан" партиясынын байкоочусу Таттыбүбү Уметалы кыз.

"Комиссиянын төрайымы Наталья Александровна бир жигитти кармап калды. Кайсы партияга бюллетень ыргытып жатканы азырынча белгисиз, кийинчерээк иликтенет. Бюллетендер азыр сейфте", — дейт байкоочу.

13:15 Ош: "Таза шайлоо" ассоциациясынын аткаруучу директору Айнура Усупбекова "Клоопко" берген интервьюсунда шайлоо комиссиясынын кээ бир мүчөлөрү "тигил партияга добуш бергиле" деп үгүттөп жаткандыгын маалымдады. Кайсы участоктордо экенин тактаган жок.

"Спортчулардай болгон кең далылуу  белгисиз жигиттер тигил партияга добуш бергиле деп үгүттөп, кырдаалды курчутуп жатат. №5288 участогунда одоно бузуулар катталды - шайлоочулардын көпчүлүгү өздөрүн тизмеден таба алышпады", — дейт "Таза шайлоонун" жетекчиси.

13:06 Каракол: Каракол шаарындагы шайлоолордо 4663 адам добуш берди. 3-мартта мөөнөтүнөн мурун 26 шайлоочу жана 338 тургун үйлөрүнөн добуш беришти.

Жергиликтүү шайлоо комиссиясынын катчысы Сүйүнбүбү Чокморованын айтымында, бузуулар катталган жок.

"Бирок, тургундардын көпчүлүгү тизмелерде аттары жоктугуна нааразы", — деп Чокморова кошумчалады.

Катчынын маалыматында, президенттик шайлоолордо тизмеде 30 миң адам катталса, жергиликтүү кеңешке добуш берүү үчүн 18 миң тургун гана катталган.

"Эмнеге тизмеге түшпөй калганын билбейбиз, Борбордук шайлоо комитетине кайрылгыла", — дейт Чокморова.

12:56 Ош: №551 участогунда 30дай адам тизмеден аттарын таба алышпады, дейт "Жарандык коом үчүн коалициясынын" байкоочусу.

12:53 "Адилеттүү Кыргызстан" партиясынын байкоочусу Замир Эркиналиев "Ош-Таатан" соода борборундагы №5325 участогуна "кең далылуу, спортчулардай болгон белгисиз жигиттер" кирүүгө аракеттенип жатат деп маалымдады.

"Экиден, үчтөн болуп комиссия мүчөлөрүнө барып жатышат. Кайсы партиядан экенин билбейм, бирок комиссия мүчөлөрү аларга көңүл бурушпай эле", — дейт Эркиналиев.

12:31 Ош: "Ата Мекен" партиясынын байкоочусу "Клоопко" берген интервьюсунда "кийимдерин алмаштырып, кайрадан добуш берип жаткан" эки айым кармалгандыгын маалымдады.

"Эки айым кирип добуш берген, анан эле кийимдерин алмаштырып кайра киришти", — дейт "Ата Мекендин" байкоочусу.

12:27 Эртең мененки саат 10:00гө карата борбордук шайлоо комитетинин маалыматында, шайлоочулардын активдүүлүгү төмөндөгүдөй:

Ош шаары — шайлоочулардын 6,07%

Каракол шаары — шайлоочулардын  6,88%

Токмок шаары — шайлоочулардын 8,29%

12:20 Ош: "№19 Шевченко атындагы орто мектебиндеги №5319 участогунда катталган 1896 шайлоочунун 583и добуш берди", — деп "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын" байкоочусу кабарлады.

"Одоно бузуулар жокко эсе, болгону шайлоочулар маркерлеп белги коюдурууну унутуп жатышат. Тескеп жатабыз", — дейт байкоочу.

12:04 Ош шаардык ИИБнин жетекчиси Сүйүн Өмүрзаковдун маалыматында шайлоо процессин 597 милиция кызматкери көзмөлдөп жатат. Мэриянын маалыматында Ош шаары боюнча 73 шайлоо участогу бар.

12:01 "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын" атын атагысы келбеген байкоочусу "проблемалуу эки участок"  катталгандыгын кабарлады.

"ХБКда [Хлопчато-бумажный комбинат] жана Жапалак айылында — көптөгөн адамдар, ашыкча бюлеттендери таштоо, автобус менен атайын шайлоочуларды алып келүү фактылары катталды", — дейт байкоочу тургундардын жана кесиптештеринин сөздөрүнө шилтеме жасап.

11:51 Ош: №5281 участогундагы шайлоочу Чынара Жапарова азыркыга чейин кимге добуш берээрин билбейт.

"Шайлоочулардын партиялардын платоформалары жөнүндө эч бир маалыматы жок", — дейт Жапарова.

11:43 "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын" байкоочусу Руслан "Семетей" кинотеатрындагы шайлоо участогунда ректор жана мугалимдер студенттердин добуш берүүсүн "тескеп жатат" деп маалымдады. Кантип тескеп жаткандыгын Руслан тактабады.

"Мунун баары шектендирбей койбойт", — дейт байкоочу жигит.

11:36 Ош: Шайлоо участкаларынан көз ирмем:

11:29 Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Наталья Секерина "Клоопко" берген интервьюсунда Ош шаарынын 1322 тургуну шайлоо участкаларына келе албастыгын маалымдады. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү урналар менен кээ бир үйлөрдү кыдырышат.

11:25 Ош: №5300 участогунда свет өчүрүлүп, кээ бир шайлоочулар бир нече жолудан добуш берип жатат,  дейт көз карандысыз байкоочу Гулназ Рахманалы кызы

"Беттери көрүнбөй жатат. Эки-үч шайлоочу бир нече жолу добуш беришти", — деп Гулназ "Клооптун" кабарчысына маалымдады.

11:19  Ош: №5276 участогунун комиссиясынын төрайым Мавлюда Оморова "Клоопко" берген интервьюсунда "бир саатан бери" светтин жоктугун кабарлады.

"Себептери белгисиз", — дейт Оморова.

11:09 Ош шаардык администрациясынын адиси Зуура Сатыпалиева шайлоочулар үчүн шарттар түзүлбөгөндүгү менен нааразы. №5313 шайлоо участогунда кирүү жана чыгуу үчүн бир эле эшик колдонулуп жатат дейт.

"Шайлоолордун өтүп жаткандыгы купулума толбой жатат. Жарандар үчүн шарттар түзүлгөн эмес. Шайлоо аркылуу өзүбүздүн келечегибизди аныктайбыз да. Кошунам саат тогузда шайлоо участогуна келип, кайра араң чыгыптыр", — деп Сатыпалиева нааразы.

11:00 Ош: "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын" жетекчиси Динара Ошурахунова твиттер-эккаунда:

"Кээ бир шайлоо участокторунун жанында көптөгөн кең далылуу белгисиз адамдар турат. ИИМди бул фактыларга көңүл буруусуна чакырабыз", — деп жазган.

10:49 Ош шаардык мэриянын басма сөз катчылыгы, шаар боюнча 123360 шайлоочу катталгандыгын маалымдады.

10:44 Ош: «Таза Шайлоо» ассоциациясынын байкоочусу депутаттыкка талапкерлердин бири №5292 шайлоо участкасына арткы эшиктен киргендиин айтты.

«Арткы эшиктен кирүүгө укугуңуз жок десем, «мен шаардык кеңешке талапкермин» деп жооп берип, коркута баштады. Атын атаган жок», — дейт байкоочу.

10:39 Ош шаарыны мэри Мелис Мырзакматов шайлоо «жакшы эле өтүп жатат» деген оюн журналисттер менен бөлүштү.

«Шайлоодон кийинки кагылышуулардан Кудай сактасын. Тургундарыбызга ийгилик каалайм!», — деди Мырзакматов.

1-марттагы Ош шаарында  болуп өткөн митингде «4-марттагы шайлоо таза өтпөсө, кайра митингге чыгабыз» деп оппозиция бийлик өкүлдөрүнө эскертишкен.

10:26 Ош: «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын « байкоочусу Эркингүл Каракозуева №5380 шайлоо участкасындагы бузууларды маалымдап жатат.

«Айдоочу күбөлүгү менен келип добуш берип жатышат. Шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштери жакшы жүргүзүлгөн эмес. Бирок башка шайлоолорго салыштырмалуу, бүгүнүкү шайлоо кызыктуу болуп жатат», — дейт Каракозуева.

10:20 Ош шаарынын тургуну Абубила Бекиев №290 участогундагы шайлоочулар тизмесинде жоктугун айтып нааразы.

«Чакыруу келген, участокко келсек тизмеде жубайым экөөбүздүн аттарыбыз жок экен. Бирок бир нече жылдан бери Орусиянын жараны болгон уулубуздун фамилиясы бар экен», — дейт Бекиев.

10:10 Байкоочулардын айтымында президенттик шайлоолорго салыштырмалуу добуш берүү активдүү болуп жатат.

«Президенттик шайлоодо жарандар мынчалык активдүү болушкан эмес, бул жакшы көрсөткүч», — дейт байкоочу Жолдубай Абулов.

10:06 «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициянын» директору Эркемурат Асанов Ош шаарыны кээ бир тургундары жеке идентификациялоо номери аркылуу (ИНН) добуш бергендигин маалымдады.

10:04 «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» жетекчиси Динара Ошурахунова шайлоо участкаларында «одоно бузуулар» аныкталган жок дейт.

10:00 «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» байкоочусу Илья Лукашов твиттер-эккаунтунда «акыркы 30 күндүн ичинде бир участокто 14 өспүрүмдүн жашы жетип, 4 адам каза болуп калган имиш» деп жазып чыкты.

«Тизмедеги жаңы ысымдар менен иштеп жатабыз», — дейт Лукашов.

9:53 Ош шаарындагы «Клооптун» кабарчысы №5313 участогундагы милиция кызматкерлеринин саны, 2011-жылкы президенттик шайлоолордогудан да көп дейт.

«Мурун ар бир участокто төрт миллиционерден болсо, азыр №5313 участогунда сегизөө жүрөт», — дейт кабарчыбыз.

9:50 Ош: «Интербилим» коомдук фондунун байкоочусу №5276 участогунда шайлоочулардын саны көбөйүп жатат деп кабарлады.

9:44 Ош шаарындагы «Клооптун» кабарчылары шаардын батыш бөлүгүндө жүргүнчү жана авто унаалар жок, дүкөндөрдүн көпчүлүгү жабык деп маалымдады.

9:42 Ош: «Таза шайлоо» ассоциациясынын байкоочусунун айтымында, «Республика» партиясынын байкоочусу «үн чыгарбай, тынч отур» деген.

5292 шайлоо участогундагы комиссиянын төрайымы эшиктерди жаап салып, кээ бир шайлоочулар жана партиянын байкоочулары «3-4 жолудан добуш беришти» дейт «Таза шайлоонун» байкоочусу.

 

9:25 Ош: №5276 участогунун комиссия мүчөлөрү байкоочуларга добуш берүү процессин туруп алып кароого уруксат бербей жатат. Белги коё турган бир маркер сапатсыз болуп чыкты.

9:11 Ош: «Клооптун» кабарчысынын колундагы маркерленген белги, бир нече кыймылдан кийин эле өчүп калган. Байкоочулар комиссия мүчөлөрүнө маркерлердин сапатсыз болгондугун кабарлашты. Маркерлери алмаштырылды.

9:00 Шайлоо участкалары 8:00дө ачылды. Ош шаарыны мэри саат 8:20да «Фрунзе» микрорайонундагы №5277 участогуна келип добушун берип кетти.

«Эгер биз өтүп кетсек, бийлик өкүлдөрү менен кызматташып иштөөгө даярбыз», — дейт Мырзакматов.

Авторлор: Элиза Алмазбекова, Суербек Аманов, Раиса Киргизова, daniyar001, Асель Талантбекова, Гулназа Токтобаева, Дастан Умөтбай уулу, Айзат Шакиева, bstark, Раим Досункулов, Бермет Абдыкадырова, Азат Рузиев жана Эльдияр Арыкбаев.