Биринчи кыргыз космонавтын Атамбаев менен жолугушууга киргизбей коюшту

Президент Алмазбек Атамбаевдин Москва шаарындагы жердештер менен болгон жолугушуусуна кыргыз космонавтын Салижан Шариповду киргизбей коюшкан. ММКлар, Атамбаев космонавтты 2010-жылкы этникалык кагылышууларга тиешеси бар деп күнөөлөп жаткандыгын кабарлашкан. Шарипов мындай сөздөрдү «жаңылыштык» деп атады.

Шарипов 23-февралда болгон кыргыз диаспорасынын президент менен жолугушусуна келгенде өзүн коноктордун тизмесинен таба албагандыгын «Клооптун» кабарчылары менен болгон кыска маегинде айтты.

«Тизме боюнча киргизип жатышты, чакырылганга карабастан тизмеде жок экенмин», — дейт космонавт.

Космонавт кошумча комментарий берүүдөн баш тартты.

Алты күн мурун «Вечерний Бишкек» гезити Атамбаев Шариповду 2010-жылы жай айында Кыргызстандын түштүк аймагына болгон этникалык кагылышууларда күнөөлөгөндүгүн жазып чыккан.

«Ош окуяларында кыргызстандын биринчи космонавтынын тиешеси болушу мүмкүн», — дейт гезит Атамбаевдин сөздөрүн. Мындай ойлору менен Атамбаев ОшМУнун студенттери менен болгон жолугушууда айтканын гезит тактап өттү.

Этникалык кагылшуулардын күнөөкөрлөрүнүн бири катары саналып жаткан Кадыржан Батыровдун кыймылсыз мүлкү Шариповдун атына жазылгандыкта Атамбаев космонавттын Ош окуяларына тиешелүүлүгүн көрүп жатат, дейт «Вечерний Бишкек».

Батыров жана Шарипов экөө тең этникалык өзбектер.

Үч күндөн кийин «Азаттык» радиосунун өзбек тилдүү кызматы да Атамбаевдин Шарипов жөнүндө айткан сөздөрүн эфирге чыгарган.

«Акыркы шайлоолордо Шарипов кимге үгүттөгүнүн билесиздер. Өз максаттарына жетүү үчүн Кыргызстанды жок кылууга даяр болгон адамдар менен биргеликте жүрөт. Мындай адмдар көп, баарын текшеребиз. Ишенип койгула», — дейт «Азаттык» радиосу президенттин сөздөрүн айтып.

Атамбаевдин сөздөрүнөн Шарипов кимге үгүттөгөнү белгисиз.

Айыптоолор «жаңылыштык»

Атамбаев жана анын басма сөз катчылыгы ММКлардагы макалалар боюнча эч комментарий беришкен жок.

ММК өкүлдөрү жазып жаткан сөздөрдү Атамбаев айттыбы айткан жокпу «Клооптун» кабарчылары так аныктай алышпады. Бирок, ошол жолугушууга күбө болгон ОшМУнун үч студенти мындай сөздөрдүн айтылгандыгын тастыкташты.

Космонавт мындай айыптоолорду «жаңылыштык» дейт.

Алгачкы макалалардан кийин үч күн өтпөй Шарипов Атамбаевдин Москвадагы иш сапарында президент менен жолуугушуну каалаганын айткан.

«Аны менен жолугуп сүйлөшөйүн дегем, анткени ММКларда жарыяланган сөздөрдү жаңылыштык деп эсептейм. Алмазбек Атамбаев ушундай сөздөрдү айтат деп ишенбейм, анткени ортобуздагы мамилелер жакшы. Президенттик шайлоолордон мурун бирге иштегенбиз, мен жөнүндө бардык нерседен кабардар», — дейт космонавт 21-февралда «24.кг» кабар агенттигине берген интервьюсунда.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы Аида Касымалиева Шариповду Атамбаев менен жолугушууга киргизбей койгондугуна күбө болгондугун айтты.

«Кечээ Шарипов жарым сааттай турду, менин көзүмчө өткөрбөй коюшту. Консулга жана Кыргызстан элчилигинин басма сөз катчысына кайрылып, тигил жакта Салижан Шарипов турат дедим. […] Алар түшкөн арыздар боюнча тандоо болгон, Шариповдон кайрылуу-арыз түшкөн эмес — демек тизмеде жок, биз күнөөлү эмеспиз дешти», — деп журналист «Клооптун» кабарчыларына айтып берди.

Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов бул окуя боюнча кабардар эместигин айтты.

Президенттин басма сөз катчысы Москвада иш сапары менен жүргөн Кадыр Токтогуловдон да комментарий алуу мүмкүн болбоду.

Салинжан Шарипов — Ош облусунун Өзгөн шаарында төрөлгөн. 1998-жылы Кыргызстандык биринчи жана азыркы күнгө чейин акыркы космонавт.

Шарипов эки жолу космоко учуп, жалпысынан 200 күн космосто жүргөн.

Космоско алгачкы сапары америкалык «Эндевор» шаттлында болгон. Орбиталдык «Мир» станциясына жабдыктарды жана космонавттарга азык-түлүк жеткирген.

Шариповдун экинчи сапары узакка созулду — эл аралык космос станциясында экспедициянын инженери болуп иштеп, бул сапар 2004-жылдын октябрь айынан 2005-жылга чейин созулган.

Шарипов ачык космоскко эки жолу чыккан. Жалпысынан ачык космосто 10 сааттай жүргөн.

Авторлор: Бектур Искендер жана Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Бермет Абдыкадырова