Бишкек коомдук транспорторуна болгон жол кире акысы кымбатоодо


Бишкек шаарында коомдук тарнспорт үчүн жол кире акысы эки сомго кымбатташы мүмкүн, деп билдирди шаардык мэрия. Бирок мэрия өкүлдөрү жол кире акысы кайсы күндөн баштап жогорулашы тууралуу так датаны айта алышкан жок. Жол киренин көтөрүлүшүнүн себеби күйүүчү майдын баасынын кымабатташына байланыштуу экенин айтып өтүштү.

Коомдук транспорт жол киресинин көтөрүлүшү жөнүндө маселе 2011-жылдын ноябрь айынан бери эле талкууланып келе жатат. Бирок, мэрия күйүүчү майдын баасынын кымабатташынан жол кире акысынын көтөрүлүшү тууралуу жакынкы күндөрдө гана билдирди.

Бишкек шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Чынара Усупбаеванын айтымында, автобус үчүн жол кире 8 сомго, марштруттук таксилерде 10 сомго чейин көтөрүлөт.

Бийлик өкүлдөрү тарифтердин көтөрүлүшүнүн так датасын айткан жок, себеби Бишкек шаардык кенештин талкуусунда экенин билдирди.

«Биздин шаардык бюджеттен 150 миллион сом бөлүнөт бизге киреше алып келбеген мекеме болуп жатпайбы»,—дейт Усупбаева «Клоопко» берген интервьюсунда.

Маршрутканын айдоочусу Марат уулу Атайдын «Клоопко» берген интервьюсунда жүрүгнчүлөрдү сегиз сомдон ташуу «эч пайда алып келбейт» деп айткан.

«Мына, солярканын баасын санасак, ал 36 сом турат. Бир марштруттун башынан аягына чейин алты литр керектелет. Киреше түшпөйт да. Ошон үчүн маршруткалар толтура жүрүшөт. Эгер он сом кылышса бир аз бошураак жүрүшмөк»,—деди Марат уулу.

Бирок Бишкектин тургуну Айгуль Мамытова, жол киренин көтөрүлүшүнө каршы, жүргүнчүлөр нааразычылык акцияларын уюштурушу мүмкүн деп айтып өттү.

«Мен каршымын, анткени бул Бишкек үчүн кымбат. Азык-түлүктөр да кыматтады, эми жол кире эле калды эле»,—деди Мамытова «Клоопко» берген интервьюсунда.

2011-жылдын июнь айында күйүүчү майдын баасынын кымбаташынан Ош шаарында коомдук транспорттогу жол кире акы бир сомго көтөрүлгөн. Азыркы күндө Ош жергесинде троллейбус үчүн жол кире беш сом, автобуста алты сом, марштруттук таксиде сегиз сом.

Бишкек шаарына дагы 500гө жакын автобус керек

Усупбаеванын айтуусунда, бишкектиктердин ыңгайлуу транспорттордо жүрүүсү үчүн муниципалдык автопаркты дагы 500 автобуска толуктоо керек.

Реконструкция жана өнүгүү Европа Банкы азыркы күндө 70-75 троллейбус сатып алуу үчүн жеңилдетилген кредит катары 15 миллион доллар бөлүп берди,- деп кошумчалап кетти Усупбаева.

Усупбаеванын маалыматы боюнча, Бишкек шаарында азыркы күндө 100-105 автобус иштейт.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы