Ош облусунда карышкырлар малчыларга "зыян" келтирүүдө

Кара-Кулжа, Кара-Суу райондорунда карышкырлар быйылкы кышта көбөйүп, 50гө жакын жылкыга кол салышты. Жашоочулардын айтымында, бийлик тарабынан буга каршы иш чаралар жүргүзүлбөй жатат. Жергиликтүү бийлик болсо карышкырларды жок кылуу үчүн мергенчилер топтору түзүлгөнүн айтты.

Былтыркы жылы кышында жерлерде кар "аз" болбогондугунан карышкырлар жылкы жегени кездешкен эмес. Азыркы учурда мергендер өкмөт тарабынан карышкырларды атуу үчүн ок-даары берилбегендигине нааразы болушууда. Алар окту коргошундан колго жасоодо.

Кара-Кулжа районуна караштуу Кашка- Жол айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын мергени Тобокел Максутовдун оюнда, быйылкы кышта карышкырларга каршы өкмөт тарабынан иш чара көрүлбөй жатат.

"Карышкыр көбөйгөн, эми мага ок-дары берип, камсыз кылып же мындай кыл деп эч ким айткан жери жок. Ал боюнча менин кызыкчылыгым жок отурам[карышкыр атууга][...].",—деп даттанды Максутов.

Ушул эле райондун Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Буйга айылын жашоочусу Канатбек Касмалиов өз айылында сегиз карышкыр үч топозду, бир кунаажынды жегенин айтты.

Ал эми Кара- Суу районунуна караштуу Лангар айылынын тургуну Момунжан уулу Шабдан азыркы мезгилде карышкырлар топ болуп 20га жакын жылкы жегендигин билдирди.

«Биздин айылда сегизден тогуздан [карышкырлар топ] болуп жүрүшөт. Аны мергенчилер атканга каражаты жок. Мынтыктар жок өкмөт тарабынан аны камсыздаган адам жок. [...]Анан баягындай эшек, торпокторду жеди, быйылкы кышта",—деп кейиди Шабдан.

Мергенчилер топторун уюштурулууда

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 509 «Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» жырткычтардын терисине болгон бааны жогорулатуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилген.

Бул туралуу Кара-Кулжа районунун агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Муса Кокоев "Клоопко" берген интервьюсунда, карышкырларды жок кылуу каражаттары жетиштүү болсо да, токтомдо белгиленген баа "төмөн" экендигин айтты.

"Районду бийлик тарабынан ок-даары берилип бөлүнүп жатат.Карышкырга 5000 сом чөөгө 2500 сом деп токтом чыккан. Бул өтө төмөн болуп жатат. Ошонун баасын 10-15000сом кылып койсо жакшы болмок. Эл да кызыгып аркасынан түшөт эле",—деп сөзүн жыйынтыктады Кокоев.

Кара- Кулжа райондук акимчиликтин бөлүм башчысы Болотбек Мааметовдун айтуусунда, быйылкы кыштан бери бир эле аймакта карышкырлар 18 жылкыга кол салышкан. Башка аймактарда канча жылкы жеелгени так маалыматы жок экендигин билдирди.

"25-26- январда райондук мергенчилер коомунан үчөө чыгып, эки күн жүрүштү. Торгой деген аймакта үч чоң карышкыр бар экен. Аны атабыз деп аракет кылышты. Бирөөнүн санына атып, өлтүрө албай келишкен",-деп айтты Мааметов.

Мергенчилер коому райондун аймагындагы жырткычтарды өз учурунда жок кылуу максатында уюштурулгандыгын кошумчалады.

Ал эми Кара-Суу райондук акимчиликтин айыл чарба боюнча башкы адиси Аскар Жумабаев, мергенчилердин тобунун жардамы менен, тогуз карышкыр эки чөө атылганын маалымдады.

Редактор: Айзат Шакиева
Лицензияланган сүрөт Flickr