Муфтият жаңы мечиттин курулушу үчүн кинотеатрды бузуу боюнча чечим кабыл ала элек

Кыргызстандын муфтияты жаңы борбордук мечиттинин курулушу үчүн Бишкектеги «Ысык-Көл» кинотеатрынын имаратын бузуу керекпи же жокпу деген маселе боюнча өз ойлорун азырынча так айта элек. Кино чөйрөсүндөгү адамдар, мындай маданий объектин жок болуп кетишине нааразы.

Кыргызстан муфтиятынын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев «Клоопко» берген интервьюсунда, жаңы борбордук мечиттин курулуш иштери «жакынкы күндөрдө» башталаарын маалымдады.

Жаңы мечит «Ысык-Көл» кинотеатрынын имаратынын ордуна жайгашышы мүмкүн.
2012-жылдын январь айында Түркиялык «Хорасанлы» компаниясы мечиттин курулушу боюнча тендерди жеңип алган.

«Ысык-Көл» кинотеатрынын имараты бузулуу коркунучу алдында турат, бирок Мамбеталиевдин айтуусунда, имарат сакталып калынышы да мүмүкүн.

«Кинотеатрдын имараты советтер союзу учурунда сапаттуу курулган имарат. Ошондуктан аны административдик максаттар үчүн колдонулса деген да сунуштар болгон», — дейт Мамбеталиев.
Анын айтымында, азыркы учурда мечитин курулушу үчүн чоң чуңкуру гана казылган.

Мечиттин курулушуна 10 млн доллар керектелет. Мамбеталиевдин айтымында, бул сумманын 8 миллиону түрк ислам алымдары тарабынан, ал эми 2 миллиону Иорданиялык демөөрчүлөр тарабынан берилет.

Кинотеатрдын имаратын муфтият 2009-жылы президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен 49 жылга ижарага алган. Ижарага берилүүдөн мурун имарат Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын карамаганда болгон. Андан мурун Бишкек шаардык мэриянын балансында болуп турган.

Муфтияттын басма сөз катчысынын айтымында, 2010-жылдагы төңкөрүш жана бийликтин алмашышынан улам мечиттин курулушу токтотулуп турган.

Кинотеатр - кинотеатр бойдон калуусу керекпи?

Кионтеатрдын ордуна мечиттин курулушу боюнча маданий чөйрөдөгү инсандардын ой-пикирлери бир жактуу эмес.

Чынгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасын экрандаштырган, советтик мезгилде бир топ кинолору менен таанылган, кыргызстандык режиссер Геннадий Базаровдун оюнда, маданий эстеликке көңүл боштук менен карашууда.

«Маданий эстеликтерди башкаларга бербей сакташыбыз керек. Ансыз деле алардыны саны күндөн- күнгө азайып баратат. Биздин интеллектуалдык потенциалыбыз эске алынбай калууда», —деп нааразы Базаров.

Дагы бир белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаровдун оюнда, муфтияттын жетекчилигинин алдында болгонуна карабастан, имараттын кинаматографиялык руху жана профили сакталып калышы керек.

«Имараттын ичинде рухий, диний кинотасмалардын сүрөттөрүнүн көрсөтүлүүсү эч кандай уят деле эмес», — дейт режиссер.

«Ысык-Көл» кионтеатры мурунку православдык мүрзөнүн үстүнө курулган. Кинотеатрдын гүлдөгөн учуруна күбө болгон адамдар, улуу муундун өкүлдөрү «мүрзөнүн үстүнө курулгандыктан» кионтеатрга келүүнү каалашчу эмес.

«Апам эмне себептен бул кинотеатрга барууну каалабастыгын көпкө түшүнө албай жүрдүм. Бирок кийинчерээк имарат мүрзөнүн ордуна курулганын билдим. Ал жерде байкемдин кайненеси көмүлгөн экен. Көп жыл аралыгында анын үч кызы тең ошол тараптын алыс эмес жеринде жашап, бул кинотеатрдын жанына келип кетип турушчуу экен», — деп эскерип жазган «Пикаса» сайтынын колдонуучусу Elena .

Кинематографисттер союзунун төрагасы Садык Шер-Нияз, мындан ары кинотеатрдын жок болушун элестетүү кыйын экенин билдирди.

«Ысык-Көл кинотеатры - жаштардын чогулуп, биргеликте чыгармачылык, маданият, кино менен таанышып, баарлашып туруучу жайы эле», — дейт ал.

«Биз кинотеатрдын кинотеатр бойдон калуусун аябай каалайт элек», — деп кошумчалап өттү Шер-Нияз.

Сүрөт: «Пикаса» колдонуучусу Elenaныкы
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы

Автор: Оксана Капишникова