Ош шаарында улуттар аралык кагылышуудан соң, биринчи жолу жаштар конференциясы болуп өттү

Республиканын ар кайсыл аймактарынан 400гө жакын катышуучулар «Жаштар Кэмп» аттуу коференциясына катышышты. Бул Ош шаарында улуттар аралык кагылышуудан кийинки эң чоң иш чаралардын бири болду.

Ошто «Жаштар Кэмп» иш чарасы биринчи жолу болуп өттү- мындан бир жыл мурун түштүк жергесинде бул сыяктуу иш чараларды өткөрүүгө мүмкүн эмес эле. 2010-жылы түштүк аймагында улуттар аралык кагылышуу болуп анын негизинде расмий билдирүү боюнча 400дөн ашык адам каза болгон.

«Жаштар Кэмп» конференциясы мурун Бишкекте болуп турган. Бирок, жаштар арасында активдүүлүктү жандандыруу максатында,  иш чаранын уюштуруучулары ар кандай салтанаттарды Ош аймагында өткөрүп турууну чечишти.

«Бишкекте жаштар аябай активдүү, ошондой эле ар түрдүү иш чаралар көп болот. Аймактар көйгөйлүү бойдон калгандыктан Ош жергесинде өткөрүү идеасы жана жер-жерлерде, облустарда, жада калса айылдарда өткөрүү максат болду»,-деп айтты «Жаштар Кэмптин» баштоочусу Мирбек Токтогараев

Анын айтымында, бул сыяктуу конференциялар-жаштарга келечекте жумушка орношуу үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк.

«Ал жерде төрагалар сүйлөшөт, таанышышат, өздөрүнүн жетишкендиктери менен тең бөлүшөт, айтып беришет, жаңы байланыштарды алышат. Айрым серепчилер жаштардын көйгөйлөрүн жакшы түшүнүшөт. Ошон үчүн бул жер ыңгайлуу жаштар аянтчасы»,- деп түшүндүрдү уюштуруучу

Конференциянын мазмуну жана тизмеси

Иш чара Ош Мамлекеттик университетинин электрондук китепканасында болуп, сегиз саатка созулду, эрте мененки саат 10дон кечки саат 18ге чейин.

30 мөнөттүк сабактар бир эле учурда бир нече дарсканаларда болду. Ар бир катышуучу өз көңүлүнө жаккан сабакка катыша алды.

Иш чара төрт багытта жүргүзүлдү- «Бизнес жана ишкерчилик», «Жеке өнүгүү жана идеология», «Жарандык билим берүү», «Коммуникация жана информациялык технология жаңы медиа» боюнча .

Конференциянын төрагаларыны бири жеке ишкер Эрмек Ниязов, Кыргызстан аймактары пассивдүү экенин айтып, жаштар ишкерчилике жакын болушу керек деп билдирди.

«Жаштардын баары бизнес менен алектенгенге кызыгышат. Алардын көздөрү жанып турат. Бир гана нерсе аларга үйрөтүш керек. Мына ушул иш чара аларга биз жөнүндө  маалыматты алуусуна жардам берет. Эң негизгиси жаштарда кызыгуу болуш керек»,-деп айтты Ниязов.

Бир күндүк иш чарага Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов, «Назик кыз» коомдук бирикмесинин төрайымы Укей Мураталиева катышышты.

Мураталиеванын оюу боюнча, конференция жаштарга өз патенциалын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Бүгүн көп тармакка кызыккак жаштар көп. Алардын өздөрүнүн жаңы ойлору пайда болот. Алар катышуучу катары эмес, ошол нерсени иш жүзүнө ашыра алышат. «Жаштар Кэмп» бул- ар түрдүү жолду көрүү мүмкүнчүлүгү»,-деп айтты Мураталиева «Клоопко» берген интервьюсунда.

Мыкты тажыйрбасы менен тең бөлүшүүгө келишкен көпчүлүк лекторлор «Клоопко» берген маалыматында, алар берген кеңештер жаштарга келечекте жаңы ачылыштардын, жаңы ойлордун иш жүзүнө ашышына жардам берет деген үмүттө.

Улуу Британиянын Эксетер университетинин изилдөөчүсү Асель Дөөлөткелдиеванын сөзүндө, «Жаштар Кэмп» Ош-Бишкек жаштарынын арасында интрегациялык мүмкүнчүлүктөрдү берет.

«Бишкекте техника баардык тармакта жогорку деңгээлде. Ал жер Ош жана башка аймактарга салыштырмалуу өнүккөн. Ошондуктан баардык аймактагы техникаларды алып келип, жаштарды окутуп, баардыгын заманбап жашоого багытташыбыз керек»,-деди изилдөөчү.

Жалал-Абад облусунан келген Андрейге бардык сессия орус тилинде болгону жакты.

«Мен көп жерлерде болгонмун, бирок бул жер аябай жакты. Себеби баары орус тилинде түшүндүрө алат. Мен өзүмө пайдалуу көп нерсе ала алдым. Каалаган учурда чакан бизнес ачышым мүмкүн»,-деди катышуучу.

Баткен облусунан келген Розагүл Кантеңир кызы алыстан ат арытып келгенине өкүнгөн жок. Ал өзүнө керектүү маалыматты ала алды.

«Мен аябай көп кеңештерди уктум. Биз бизнес тармагы, интернет боюнча маалымат ала алдык. Келечекте айтылган кеңештерди колдонобуз деп ойлойм»,-деди Розагүл.

Бирок, Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Нурлан Мурзакулов, экономика тармагындагы лекторлордун «тажыйрбасы аздыгын» белгиледи.

«Жаштар Кэмп»

Жаштар конференциясы Кыргызстанда үчүнчү жолу болуп жатат. Иш чаранын максаты, жаштарды жарандык коомго активдештирүү кызыгууларын пайда кылуу болуп саналат.

Аудиторияны кызыктыруу, суроо талкуулоонун, интерактивдик баарлашуунун жана лекторлордун сүйлөшүсү менен болот. Иш чара «Баркэмп» сыяктуу эле ошол фарматта болот.

«Баркэмп»-эл аралык форматтагы конференция. Катышуучулардын негизинде уюштурулуп, эч кандай пландаштыруусуз жана эч кандай жетекчи уюмсуз болот. «Баркэмптин» тартиби боюнча, темалар интернет жана жаңы медианын өнүгүүсүнө байланыштуу.

«Юс оф Ош» коомдук бирикмеси «Клооптун» Ош шаарындагы өнөктөшү болуп, аталган иш чарада катышты. «Клооп» редакциясы болгон иш чараны чагылдырууга аракет кылды. Эгер, сиз бизди кандайдыр бир аспектилерди калтырып кетти деп ойлосоңуз ылдыйдагы формалардан пайдаланып комментарий калтырышыңыз мүмкүн.

Кыргыз редактору жана которгон Айгул Гуламидин кызы

Автор: Бермет Мустафаева жана Акпарали кызы Айжамал